Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:35

Европанын футбол боюнча чемпионаты маалында британиялык бир күйөрман бычак жеп курман болду


ЛИССАБОН. Европанын футбол боюнча чемпионатында британиялык күйөрман бычак жеп, курман болду. Бул жөнүндө чемпионаттын жетекчилиги кабарлады. 27 жаштагы британиялык жигитти Англиянын футболдук командасы Хорватиянын командасын кечээ 4:2 эсебинде жеңип чыккан соң өлтүрүп салышкан. Кабарларда алгач хорватиялык күйөрмандын камакка алынгандыгы айтылса, эми бир украиндин кармалгандыгы баяндалууда. Бирок полиция бул киши өлтүрүүнүн күйөрмандардын ич ара боло жүргөн араздашууларына байланышы жоктугун айтып жатышат. Кечээ кечинде болгон футболдук беттешүүдөн кийин Вена шаарында полиция менен хорватиялык күйөрмандардын бир тобу кагылыша кетип, андан бир полиция кызматкери жеңил жарадар болду. Жарым миңдей хорват катышкан баш аламандыкты тыйуу маалында полиция 2 кишини камакка алды. Англия Хорватияны утуп алып, чейрек финалга жолдомо алды.


Эл аралык кабарлардын кечки чыгарылышын даярдап, окуган - Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG