Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:36

Ингушстандын бир нече кыштактарына кол салган куралчандар менен кагылышуу болду


НАЗРАН. Ингушстандын бир нече кыштактарына кол салган 200дөй куралчан киши кечээ түнү бери дегенде 48 адамды өлтүрүп кетишти.Кол салууга Назран шаары, Кара Булак, Слепцовск жана Орджоникидзе кыштактары дуушар болгон. Курман болгондордун арасында автономиялык жумурияттын ички иштер министринин орун басарынын милдетин аткарып жаткан Абукар Костоев менен Назрандын прокурору Мухарбек Бузуртанов да бар. Кол салуудан 50дөй киши жарадар болду. Салгылаштар, ошондой эле, Назрандан 15 чакырым алыстыкта турган Галашки кыштагында да орун алды.
- Аймакка армия жиберебиз деп ойлобойм. Бирок биз ал жерге көчмө госпиталды жана ички иштер министрлигинин жана чек ара аскерлерин күчтөндүрүү үчүн кошумча аскердик бөлүктөрдү түнү менен жөнөттүк, - деп айтты Россиянын коргоо министри Сергей Иванов. Учурда Россиянын коопсуздук бөлүктөрү чечен козголоңчуларын жана алардын шериктерин издеп жатышат.

XS
SM
MD
LG