Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:22

АРАЛДЫН АБАЛЫ ООР


Азиза Турдуева, Прага Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясы Арал деңизиндеги опурталдуу абалга байланыштуу коңгуроо кагууда. Комиссия жарыялаган докладда эгерде тиешелүү ыкчам иш-аракеттер көрүлбөсө, Арал деңизи жоголуу коркунучунда турат деп эскертилген. Мындай жагдай Борбор Азия регионундагы беш өлкөнүн Аралды сактап калуу боюнча кызматташуусунун зарылдыгын айгинелейт.

Дүйнөдө көлөмү боюнча Каспийден кийинки экинчи орунда турган Арал деңизинин деңгээли 60-жылдардын орто ченинен тарта төмөндөй баштаган. Анын себебин адистер 50-60-жылдардагы советтик пландуу экономиканын кесепеттери менен байланыштырышат. Ошол жылдары Арал деңизине куйчу дарыя-өзөндөрдүн суусуна ири көлөмдөгү пахта талаалары сугарылчу. Бирок өткөн постсоветтик 13 жылдын ичинде деле деңиздин мурдагы деңгээлин калыбына келтирүүгө мүмкүн болгон жок.

Бириккен Улуттар Уюмунун Арал деңизи боюнча жаңы иликтөөлөрүнө караганда деңиз жарым-жартылай соолуду. 106 беттен турган бул иликтөөдө “эгерде тийиштүү чаралар көрүлбөсө, деңиз толугу менен жер бетинен жоголот” деп эскертилген. БУУнун Европа боюнча Экономикалык комиссиясынын кеңешчиси Во Либерттин пикиринде, Арал деңизине келтирилген зыяндын орду толтурулгус. Эми деңизди сактап калуу боюнча кандай гана иш-чаралар көрүлбөсүн, аны мурдагы калыбына келтирүү кыйын. Бирок Либерт белгилегендей, Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн - Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын бул маселе боюнча кызматташуусу гана деңизди сактап калышы мүмкүн. Аталган өлкөлөр өздөрүнүн экономикалык кызыкчылыктарынан улам бул маселеде тил табышуусу да оңой эмес, дейт Либерт:

- Кышында Кыргызстан жана Тажикстан өз гидроэлектростанцияларынан электр кубатын алып туруу үчүн сууну коё берүүгө аргасыз. Бул мезгилде алар чындыгында эле электр кубатын көбүрөөк иштетип чыгууга муктаж. Ушундан улам бир жагынан кышында көбүрөөк электрди иштеп чыгууга кызыкдар болгон Кыргызстан менен Тажикстандын жана сууну жай жана жаз мезгилинде көбүрөөк пайдаланган Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын кызыкчылыктары бири-бирине кайчы келүүдө.

Либерт белгилегендей Түркмөнстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн Арал деңизин сактап калуу боюнча коңшулары менен кызматташпай коюшу мүмкүн. Түркмөнстан буга чейин да БУУ менен Борбор Азия долбоорлорунда кызматташуудан өзүн оолак кармап келген.

Бириккен Улуттар Уюмунун кеңешчиси жана Арал деңизи боюнча долбоорлордун менеджери Евгений Надеждин да Түркмөнстандын бийлик өкүлдөрү дайыма бул маселе боюнча кызматташабыз деген убадаларын гана берип келатат дейт. Анын пикиринде, Арал деңизин кандайдыр бир деңгээлде калыбына келтирсе болот, бирок ал үчүн эбегейсиз чоң аракеттер жана ири көлөмдөгү акча талап кылынат:

- Арал деңизин кайрадан калыбына келтирүү мүмкүн. Бирок ал үчүн канча каражат талап кылынат десек, менин пикиримде, дүйнөлүк коомчулукта азырынча андай көлөмдөгү акча жок. Ал үчүн божомолдуу эсеп боюнча, 250-300 миллиард доллар акча талап кылынат.

Надеждин мырза өткөн жылы маалымат каражаттарында кызуу талкууланган Орусиянын түштүгүндөгү дарыялардын агымын өзгөртүү менен Арал деңизин толуктоо мүмкүн деген долбоорду фантазия деп эсептейт.

Бирикен Улуттар Уюмунун Арал деңизи боюнча докладында ошондой эле “Суу жана энергетика тармагында кызматташуу боюнча укуктук негиздерди кеңейтүүгө, бул тармакта улуттук жана регионалдык мекемелерди чыңдоого жол ачып, суу ресурстарын көзөмөлдөөнү жана алар боюнча маалыматтарды чогултууну, сууну жана энергия каражаттарын коргоону жакшыртат. Борбор Азия өлкөлөрү региондогу экологиялык проблемаларды алдын алуу үчүн жана суу тармагындагы инфраструктураны жакшыртуу үчүн кызматташууга тийиш”, деп жазылган.

Борбор Азия аймагындагы беш өлкөнүн ичинен төртөө - Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан тарабынан Арал деңизин коргоо боюнча Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташуу стратегиясы жактырылды. Түркмөнстан ага азырынча катышкан жок.
XS
SM
MD
LG