Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:33

КИЧИ ШААРЛАРДЫН ЧОҢ ПРОБЛЕМАСЫ


Кыргызстандагы кичи шаарлардын орчундуу социалдык проблемаларын чечүүгө Дүйнөлүк банк 15 миллион доллар грант бөлүп бермекчи. Буга кошумча кыргыз өкмөтү өз жанынан 1,5 миллион доллар акча чыгарат. Шаршембиде Бишкекте жаңы долбоордун бетачар аземи өттү. Ага Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү, шаар башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жетекчилери катышты.

Экономикалык оорчулуктун төөбастысында калган кичи шаарлардын социалдык абалын жакшыртууга багытталган Дүйнөлүк банктын 15 миллион долларлык гранты 5 жылга эсептелген. Эмдиги жылдан башталчу жаңы долбоорго делген акчанын көбү кичи шаар тургундарын таза суу менен камсыз кылуу, тазалыкты сактоо, көчөлөрдү оңдоо сындуу иштерге жумшалмакчы.

- Кичи шаарлардын базар мамилелерине өтүшү орчун мүчүлүштүктү оркойтуп ачып салды. Себеп дегенде, чакан шаарлардын өзгөчөлүгү реформа шартында эсепке алынбай калган, салакасы кандай болору ойлонулган эмес. Мамлекеттин аймактык концепциясын иштеп чыгуу, чакан шаарларды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасын кабыл алуу проблеманы чече алган жок, - деп айтты 1-вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев.

Анын айтуусунда, Кыргызстандагы чакан шаарларды таза суу, жылуулук, газ менен камсыз кылуу проблемасы дагыле оор бойдон калууда. Дүйнөлүк банктын 15 миллион долларлык жаңы долбоору мына ушул маселелерди чечүү максатын көздөйт.

- Долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланчу 15 миллион доллар грант акчага эсептелген. Башкача айтканда, андан бюджетке эч кандай оорчулук келбейт, келечек муун 15 миллион доллар акчаны төлөбөйт. Бул кредит эмес, Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө кошулчу чоң көмөк. Дүйнөлүк банк берип аткан бекер акчаны биз натыйжалуу пайдаланышыбыз керек. Ал эми грант алуучулардын катарына азырынча Көкжаңгак, Сүлүктү, Ноокат сындуу чакан шаарлардын кирбей калышынын себеби бул жерлерде шаардын өнүгүш стратегиясы аныкталбагандыгына байланыштуу. Булардын да долбоорго кирүү мүмкүнчүлүгү бар. Биз долбоорго кирбей калган шаарлардын тезирээк өнүгүү стратегиясын иштеп чыгышына колдон келген көмөгүбүздү жасайбыз,- дейт «Айылдык инвестиция» долбоорунун жетекчиси Элмира Ибраимова.

Долбоорго кириш үчүн кичи шаар жетекчилери өнүгүү стратегиясын аныктап, коммуналдык кызматты жакшыртуу планын иштеп чыгуусу зарыл.

Жаңы долбоорду ишке киргизүү оболу 7 облустан тандалып алган шаарлардан башталат. Буга Нарын менен Талас, Өзгөн, Кызылкыя, Токмок, Чолпоната, Ташкөмүр шаарлары кирген. Кызылкыя шаар башчысы Миркамил Абдивасиев жаңы долбоорго катышып калуунун жөн-жайын мындайча түшүндүрдү:

- Чакан шаарлардын инфраструктурасы кризиске жетип калды. Буга биринчиден, бюджеттин тартыштыгы себеп болууда. Бүгүнкү күндө суу түтүктөрү, магистралдык суу түтүктөрү, жылуулук берүү, жолдор, көп кабаттуу үйлөрдө жашагандардын ахывалы өтөле оор. Биз Урбан, ЮСАИД менен биргелешип 2003-жылы шаарыбыздын стратегиялык өнүгүшүн иштеп чыкканбыз. Аны ишке ашыруу аракетинде инвестициялык долбоорлорду даярдадык. Мына азыр шаарыбызда 108 долбоор даяр. Ыйыбыз Кудайга жеткен экен.

Дүйнөлүк банктын жетектөөчү адиси Джонатан Камкавала долбоорду ишке ашыруу үчүн кошумча каржылоо менен салыктан бошотуу маселесинин башын ачып алуу зарылдыгын белгиледи:

- Дагы бир айта кетүүчү нерсе, бизди коммуналдык кызмат көрсөтчүлөрдүн карызга белчесинен батышы ойлонтууда. Бул маселе кеңеш тобунда каралып, такталышы керек. Долбоор кандай даярдалып жатканын октябрда келген чагыбызда талкууласакпы деген ойдобуз.
XS
SM
MD
LG