Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Айбек Абдумомунов бокс боюнча дүйнөнүн чемпиону болду


БИШКЕК. 10-июндан 22-июнга чейин Түштүк Кореянын Жижо шаарында бокс боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионаты болуп, анда 54 кг. салмактагы эл аралык спорт чебери Айбек Абдумомунов бардык атаандаштарын жеңип, алтын медалдын ээси болду. Афина олимпиадасына жолдомо алган Айбек рингдеги таймашта Чехия, Армения, Куба, Мексика жана Түштүк Корея өлкөлөрүнүн өкүлдөрү болгон дүйнө чемпиондорун утуп, эгемендүү өлкөнүн тарыхындагы биринчи дүйнө чемпиону аталды. Буга байланыштуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Айбек Абдумомунов жана анын устаты Бейшен Сабатаров алдыдагы Афина олимпиадасына даярдыктар тууралуу маалымат беришти.

Маалымат жыйынында Алматыда өткөн эркин жана грек- рим күрөштөрү боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында жеңишке жеткен жигиттердин да аттары аталды. Эркин күрөштөн 120 кг. салмакта кыргызстандык Магомед Будунов Азия чемпионатынын алтын медалын тагынды. 74 кг. салмакта Самат Толубаев экинчи ирет Азиянын күмүш байге ээси болду. Жеңил салмакта Эркин Өзүмбеков коло байгени камсыз кылган. Жалпы командалык эсепте эркин жана грек-рим күрөшүнөн Кыргыз мамлекети Иран, Казакстандан кийинки үчүнчү орунду ээледи. Азия жана дүйнө чемпионаттарынын жеңүүчүлөрүнө спорт жетекчилери акчалай сыйлыктарды тапшырды.

XS
SM
MD
LG