Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:29

Мыйзам чыгаруу жыйыны беш күндө ондон ашык мыйзам кабыл алууну көздөөдө


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары 1-июлга чейин комитетте иштөөчү күн саналган шаршемби күндөрү да жалпы отурумда иштемей болушту. Мындай чечим жайкы эс алууга чейин талкууланчу мыйзам долбоорлорунун көптүгүнө байланыштуу кабыл алынды. Парламент бүгүнкү отурумунда талаш туудурбаган 18 мыйзамды кабыл алды. Депутат Акылбек Жапаровдун айтымында, каникулга чейинки беш жумушчу күндө экономикалык мыйзамдардын топтомун, эсеп палатасы, терроризмди каржылоого, арам акчаларда адалдоого каршы аракеттер жөнүндөгү мыйзам долбоорлору, менчиктештирүү программасы өңдүү он чакты мыйзам долбоорун милдеттүү түрдө карашы керек.

Мындан тышкары Кыргызстандын акыйкатчысынынын отчетун да угушу керек. Депутаттар эс алуу алдында өкмөт сунуштаган долбоорлордун көбөйүп кетишин анын жыйнаксыздыгы катары баалашууда. Отурумду дагы бир аптага узартуу тууралуу премьер министр Николай Танаевдин суранычын Жогорку Кеңеш Конституцияга каршы келет деп, кечээ четке какты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG