Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:06

АКШ элчилиги чегара кызматына жардам көрсөттү


БИШКЕК. Америка Кошмо Штаттары «Экспорттук көзөмөл жана чегаралардын коопсуздугу» деген программанын алкагында Кыргызстандын Чегара кызматына жалпы баасы 135 миң доллар турган төрт «КамАЗ» жана «Волга» маркасындагы бир автомобилди тартуулады. Бүгүн өткөн иш чарада берилип жаткан жардам массалык кыргын салуучу куралдардын жайылышына жол бербөөгө, чегара кызматын бекемдөөгө багытталганын АКШ элчилигинин өкүлү билдирип, мындай багыттагы жардамдар дагы улантылаарын белгиледи. Мындан бир ай мурун эле АКШ элчилиги өлкөнүн чегара кызматына 130 миң долларга керектүү техника сатып берген эле.

XS
SM
MD
LG