Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:04

Өзбекстандын чегараны минадан тазалоо демилгесин Кыргызстан колдоду


БИШКЕК. Чегараларды минадан тазалоо тууралуу Өзбекстандын демилгесин Кыргызстан колдойт. Мындай билдирүүнү бүгүн өлкөнүн тышкы иштер министрлиги таратты. Кыргыз-өзбек чегараларын минадан арылтуу Борбор Азия аймагында кошуналык салттуу жылуу мамиленин бекемделишин гана шарттайт, деп айтылат билдирүүдө. Өзбекстан тарап миналардан чегараны тазалоо ниети барын ЕККУнун туруктуу кеңешинин 18-июндагы 511-отурумунда билдирген.

Кыргызстан тарап буга чейин чегараны минадан тазалоо суранычын билдирип кошуна өлкөгө бир нече ирет кайрылган. Кайрылууларда Эл аралык террорчулардын Борбор Азия аймагына, анын ичинде Өзбекстанга киришине Кыргызстан жол бербей турганы белгиленип келген. Өзбекстан эки өлкөнүн чегарасына миналарды Баткен окуясынан кийин койгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG