Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:14

Эл өкүлдөр жыйыны ХХ сессиясын баштады


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны бүгүн башталган ХХ сессиясында 90дон ашык маселени карамай болду. Күн тартибин талкуулагандан кийин депутаттар ушундай чечим кабыл алышты. Түштөн кийин Эл өкүлдөрү Кыргыз өкмөтүнүн өткөн жылы аткарган иши боюнча премьер-министр Николай Танаевдин отчетун угушту. Анда белгиленгенге караганда, Кыргызстандын экономикасы туруктуу өнүктү. Инфляция 5,6%, ички дүң продукциянын реалдуу өсүшү 6,7% түзүп, болжолдуу деңгээлден 1,5% жогорулады. Бюджеттин аткарылышы жакшырып, тартыштыгы кыскарды. Минималдуу керектөө бюджети 1901,5 сомду түзүп, калктын акчалай кирешеси көбөйдү.

Танаевдин айтымында, ушул өңдүү фактылар калктын жашоосунун жакшырып, кедейчиликтин кыскарганын далилдеп турат. Өкмөт башчынын отчетунан кийин комитет төрагалары кошумча доклад жасашты. Анын соңунан отчет суроо-жооп иретинде талкуулана баштады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG