Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

БУУ жана Ооганстандын биргелешкен комиссиясы өлкөдөгү саясий эркиндиктердин абалын текшерет


Адам укуктары боюнча эки тараптуу комиссия жалпы улуттук шайлоону утурлап ишин баштады. Кабулдагы ачылыш аземинде БУУнун Ооганстан боюнча атайын өкүлү Жан Арнольт билдиргендей, комиссия Ооган жарандары өз оюн билдирүү эркиндигин канчалык колдоно алаарын, басма сөздүн канчалык эркин экендигин жана талапкерлер көз карандысыз шайлоо өнөктүгүн жүргүзө алаар-албасын текшермекчи. Ооганстандагы президенттик жана парламенттик шайлоо сентябрь айына белгиленген, бирок уюштуруу жана коопсуздук шартына байланыштуу, добуш берүүнүн күнү так аныктала элек.

XS
SM
MD
LG