Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

"Ал-каидачы" Ирактын премьер-министрин өлтүрөөрүн эскертти


Өзүн "Абу Мусаб ал-Заркавимин" деп атаган кишинин добушу түшүрүлгөн аудио-жазма бүгүн исламчыл интернет барагында жайгаштырылды. Теги иордандык ал-Заркавини Кошмо Штаттары "ал-Каида" террор тобунун Ирактагы көзүр кишиси деп эсептейт. Вашингтон анын башына 10 миллион доллар сайган.

Ал-Заркави менен байланышы бар бир нече уюшма Ирактагы бомба чабуулдары үчүн, анын ичинде ушул аптада түштүк кореялык туткундун өлтүрүлүшү үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө алышкан. Кечээ америкалык согуш учактары Ирактын Фаллужа шаарында ал-Заркавинин колдоочулары жашынган деп шектелген үйдү бомбалашты. Чабуулда кеминде үч кишинин каза таптаны кабарланууда. Аудио-кассетада өзүн ал-Заркави деп атаган киши Фаллужада эмес экендигин айткан экен.

XS
SM
MD
LG