Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:23

Ингушетиядагы чабуулдун курмандыктары өсүүдө


Ингушетиянын ички иштер министрлиги бүгүн билдиргендей, кечээки бир катар чабуулдарда 92 киши курман болду. Алардын 67си – тартип коргоочулар, 25и – карапайым кишилер. Дагы 120сы жараат алган.

200 чакты согушчан министрликтин штаб-квартирасына жана башка өкмөттүк имараттарга 15 жерден кол салышкан.
Жумуриятта курмандыктарга үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Укук коргоочу Эл аралык мунапыс уюму бүгүн орус аскерлеринин коңшулаш Чеченстандагы укук бузуулары Ингушетияга да жайылып жаткандыгын эскертти. Эбони Риддел - мунапыс уюмунун изилдөөчүсү:

- Өткөн жылы Ингушетияда адам укуктарын бузуу, айрыкча дайынсыз жоголуу күчөдү. Айрымдардын урук-туугандары кайтып келсе жакшы, башкалары дайынсыз жоголуп, дагы бирөөлөрү табылбай калганда, сотсуз өлүм жазасына тартылганы маалым болгон учурлар бизге белгилүү.

XS
SM
MD
LG