Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

МАМДЕПАРТАМЕНТ ОТЧЕТУН ОҢДОДУ


Эсенбай НУРУШЕВ,Прага АКШнын мамлекеттик департаменти терроризмдин дүйнөдөгү абалына арналган жылдык докладын оңдоп чыкты. Шейшемби күнү коомчулукка сунуш кылынган документте мурдагы жылдарга караганда былтыр террордук иштердин саны өскөндүгү ырасталган. Докладдын апрелде жарыяланган баштапкы текстинде цифралар азайтылып көрсөтүлгөн эле.

Мамлекеттик департаменттин башчысы Колин Пауэлл ырастагандай, докладдын негизги бүтүмдөрү менен тыянактары өзгөртүлгөн жок, болгону айрым цифралар гана такталды. Атап айтканда, документтин апрелдеги нускасында былтыр дүйнөдө террордук 190 кыянат жасалганы, андан 300дөн ашуун адам набыт кетип, бир жарым миңдей киши жабыр тартканы айтылган эле. Оңдолгон цифраларга ылайык, террордук иштердин саны өткөн жылы 208ге жеткен, террорчулардын колунан 625 киши набыт болуп, 3,5 миңден ашууну жапа-жабыр көргөн.

Докладда кетирилген мындай каталыктарда, Пауэллдин айтымында, быйыл ноябрдагы президенттик шайлоонун аңытында атайылап жасалган жалгама маалыматтар жок, мүчүлүштүктөрдүн баары аңдоосуздан кетирилген, ошондуктан мамдеп аларды түзөтүп, өз парзын аткарды. Цифралар администрациянын ишин дурус же буруш, терроризмдин абалын жакшы же жаман кылып көрсөтүү максатында эмес, америкалыктарга фактылардын болгонун болгондой кылып жеткирүү мүдөөсүнөн улам такталды, деп түшүндү мамлекеттик катчы.

Апрелде жарыяланган докладды комментариялап, мамкатчынын орунбасары Ричард Армитиж отчеттогу цифралар террорго каршы күрөштө президент Буштун саясаты натыйжалуу болгонун көрсөтүп турат деп билдирген эле. Буга байланыштуу Пауэлл террорго каршы согуш бүтө электигин, Армитиж мырза айткан жеңиш да келе электигин, согуш уланып жаткандыгын тастыктады.

Азыркы администрациянын оппоненттери, алардын ичинде демократ-конгрессмен Генри Уоксман бийлик өкүлдөрү кетирген каталыгын кантсе да моюнга алып отурганына комуту толгонун билдирип, Буштун командасы ушундай эле жалган маалыматтарга жамынып иш кылып жаткандыгын белгиледи.

Президенттикке талапкер сенатор Жон Керринин шайлоо штабындагы өкүлдөр болсо мамдеп өзүнүн отчетун оңдоп чыкканынан эле террорго каршы күрөштө Буштун администрациясы чындыкты кандай чалмакей чалып жатканы жакшы көрүнүп турат деп билдирди.

Бейтарап эксперттердин бири Томас Доннелай докладдын апрелдеги нускасында айдан-ачык мүчүлүштүктөр кетирилгенин ырастады. Аларды оңдоп койгондон Доннелай эч кандай осолдук көрбөдү, тескерисинче, мындай иштен тартынбаган мамлекеттик катчынын калыстыгын жана батылдыгын жогору баалады. Бу ойду конгресстин изилдөө кызматынын өкүлү, терроризм боюнча адистердин бири Рафаэл Перл да колдоду. Деген менен бул баары бир коомчулуктун президент Бушка ишенимин арттыра турган иш болгон жок, деп кошумчалады ал.

XS
SM
MD
LG