Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:33

Бакыт Аманбаев, Бишкек Шаршемби күнү Эл өкүлдөр жыйынынын 20 сессиясы өз ишин баштады. Адегенде кыргыз өкмөтүнүн 2003-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча премьер-министр Николай Танавдин отчету угулду. Өкмөт башчы өз сөзүндө соңку жылдары өлкөнүн өнөр жайы өнүгүп, инфляциянын жана жакырчылыктын деңгээли кыскарып жаткандыгын маалымдады. Ал эми айрым депутаттар учурда социалдык-экономикалык абал оор экендигин айтышып, өкмөт башчынын отчету Кыргызстандагы чыныгы абалды чагылдырбай тургандыгын белгилешти.

Адегенде депутаттарга өкмөт башчы Николай Танаев маалымат берди. Андан соң өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы тууралуу Эл өкүлдөр жыйынынын тиешелүү комитет жетекчилери сөз сүйлөшүп, талкуу улантылды. Белгилей кетүүчү нерсе, өкмөт башчы менен комитет жетекчилери Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалы тууралуу түрдүү пикирлерин айтышты.

Өкмөт башчы Николай Танаевдин маалыматына караганда, соңку жылдары Кыргызстандын өнөр жайы өнүгүп, инфляциянын жана жакырчылыктын деңгээли кыскарууда:

- Өткөн жылы инфляциянын өлчөмү 5,6 пайызды түздү. Сомдун АКШ доллларына карата алмаштыруу курсу 4,1 пайызга бекемделди. Ал эми өлкөнүн ички дүң жыйымы 6,7 пайызга өсүп, болжолдонгон деңгээлден 1,5 пайызга жогору көрсөткүчтү камсыз кылды. Ошондой эле атуулдардын акчалай кирешесинин, маянасынын өлчөмүн жогорулатуу менен калктын жашоо деңгээлин жакшыртып, жакырчылыктын деңгээлин кыскартуу үчүн бир катар иш чаралар аткарылды. Элди жумуш менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлгөн саясаттын натыйжасында 2003-жылы жумушсуздуктун өлчөмү 2,9 пайызды түздү. Мындай көрсөткүч 2002-жылга салыштырганда 0,2 пайызга төмөн. Бул өз мезгилинде элдин кишесинин өсүшүнө өбөлгө түздү. Маселен, өлкөдөгү орточо эмгек акынын өлчөмү 17,5 пайызга жогорулап, биринчи жолу орточо эмгек акынын өлчөмү эң төмөнкү керектөө бюджетинин өлчөмүнөн 1,2 пайызга жогору болгон. Ал эми калктын кирешеси 6,1 пайызга жогорулаган. Мындай көрсөткүчтөр элдин турмуш деңгээли жогорулап, жакырчылыктын деңгээли төмөндөп жаткандыгын көрсөтөт.

Николай Танаев мамлекеттик бюджетин аткарылышы жакшырып, өлкөнүн тышкы карыздары өз убагында төлөнүп жаткандыгын билдирди.

Өкмөт башчынын мындай маалыматы айрым депутаттарды канаатандырган жок. Маселен, Эл өкүлдөр жыйынынын Конституциялык түзүлүш жана мыйзамдуулук комитетинин башчысы Валерий Дил:

- 2002-жылдагы берилген отчет менен салыштырып жана Улуттук статистикалык комитеттин 2003-жыл үчүн берген маалыматына караганда өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы оор бойдон калууда. Ал эми өкмөттүн маалыматы боюнча айта турган болсок, отчетту жазган авторлор өкмөттүн ишмердүүлүгүнүн жакшы жактарын гана көрсөтүүгө аракет жасашкан. Тагыраак айтканда алар чыныгы абалды чагылдырган көрсөткүчтөрдү колдонуудан качып, өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын салыштырмалуу проценттик көрсөткүчтөр менен көрсөтүшкөн. Ачык айтканда, өкмөт башчынын отчетунда проблемалуу маселер боюнча эч сөз болгон эмес. Өлкөнүн соңку үч жылдын ичиндеги социалдык-экономикалык абалы боюнча микроанализ жазылган эмес. Ошондуктан мен сиздерге кээ бир гана фактыларга токтоло кетейин. Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн төмөн болуп жатышынын эң башкы себептери өлкөнүн карызынын көптүгүнөн улам болууда. 2004-жылдын 1-январына карата тышкы карыздын өлчөмү 76 миллиард 6 миллион сомду түзөт.

Валерий Диль соңку жылдары өлкөдө жумушсуздук күчөп, 200 миңден 500 миңге чейин атуулдар чет өлкөлөрдө жумуш издеп кетишкендигине токтолду. Ал эми Эл өкүлдөр жыйынынын бюджет комитетинин башчысы Жеңишбек Эшенкулов жана башка депутаттар соңку жылдары Николай Танаев баштаган өкмөт ийгиликтүү иштеп жаткандыгын айтышып, премьердин отчетун канааттандыраарлык деп табуу керектигин сунушташты. Андан соң өкмөт башчы менен депуттардын суроо жообу башталып, талкуу бейшемби күнү улантыла турган болду.
XS
SM
MD
LG