Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

ТУРИСТТЕРДИ ҮРКҮТҮҮ, БАТКЕН КӨЙГӨЙЛӨРҮ, ЖЕРҮЙДҮН АЛТЫНЫ


Шаршембидеги “Аргументы и факты Кыргызстан” басылмасы Чыңгыз Айтматовдун “Кылымга тете бир күн” романынын негизинде жаңы тартылган “Маңкурттун энесинин көз жашы” кино тасмасы жөнүндө баяндады. ”Вечерний Бишкек” басылмасы өлкөнүн 29 бүтүрүүчүсүнө Орусиянын аттестаты тапшырылганын кабарлады.

24-июнда чыкканы жаткан «Аалам» басылмасында журналист Кенжалы Сарымсаковдун «Тил маселеси иш жүзүндөгү аракеттер аркылуу…» деген макаласына орун берүүдө. Анда өлкөнүн турмушунда кыргыз тилин мамлекеттик тил катары оңуна, ордуна келтирүү, өнүктүрүү ошончолук оор экенин айтат. Кыргыз улуттук университетинде ачылган мамлекеттик тил борбору, борбордогу көрнөк- жарнактардын мыйзамдык талаптарга туура келбестиги жана жаңы иштелип чыккан терминдер тууралуу сөз болот. «Көчөдөгү кандай гана жазуулар болбосун жана башка бардык иш кагаздардагы жазылгандар сабаттуу болсун маанисинде атайын котормочулар тобу түзүлдү» дейт автор.

«Аалам» басылмасындагы айрым макалалардын мазмуну менен жоoптуу редактор Нарынкүл Назаралиева мындайча тааныштырды:

- «Кыргызконцеп» корпорациясынын президенти Эмил Үмөталиев менен болгон маек кетип жатат. Анда Эмил мырза «туризмди колдоо жана өнүктүрүү жылынан кийин Кыргызстанга келип жаткан чет өлкөлүк туристтерди обу жок текшерүү, виза маселеси көңүлдөрүнө көк таштай тийип, бул жакка кайра экинчи келүүгө болгон ниетин тескери буруп жатат» деп белгилеп, туризм тармагынын күнгөй- тескей маселелерин ортого салат. Ошондой эле эркин күрөш боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону Надырбек уулу Улан Афина олимпиадасына даярдыгы, кыргыз спортунун келечеги тууралуу ой бөлүшөт. Кыргыз тили тууралуу өлкөдө болуп жаткан иш- аракеттерди чагылдырган Канболот Бердикеев менен Кенжалы Сарымсаковдун макалаларына орун берилүүдө.

Бейшембиде жарык көргөн «Общественный рейтинг» жумалыгында Жерүй алтын кенин иштетүү менен Кыргызстан 2005-жылдын экинчи жарымында алтын ала баштайт деп жазылат. Бул жерде 74 тонна алтын кору бардыгын адистер болжошууда. Быйыл Талас облусу уюшулгандыгынын 60 жылдык мааракесин белгилейт. Бул басылма губернатор Искендер Айдаралиев менен болгон маектешүүгө орун берди. Анда облустун экономикасы, айыл чарбасы жана социалдык абалы жөнүндө сөз болот. Ушул жумалыкта дагы кандай макалаларга орун берилгени тууралуу басылманын жооптуу катчысы Наргиза Кожомкулова буларды айтып берди:

- Кыргызстанда кичи ишкана, фирмалар өздөрү чыгарган товарлардын эн белгисине маани берилбей жүрөт. Өлкөдөгү соода-сатык кылган чет мамлекеттик фирмалар 318 жолу товардык эн белгини каттатышса, жергиликтүү фирмалар 76 товардын белгисин алышкан. Өндүрүлгөн товардык белгинин маани-максаты тууралуу “Кыргызпатент” ишканасынын жетекчиси Роман Оморов айтып берет. Өлкөнүн рыногунда өз жүзүн таап, күн өткөн сайын өрүшү кеңейип бараткан “Акун” фирмасынын дүйнөлүк деңгээлдеги жаңы продукциялары, келечек максаттары жөнүндө ушул фирманын генералдык директору Чыныбай Турсунбеков баяндап берди. Борбор Азиядагы суу ресурстары, аны пайдалануудагы көйгөйлөр, коңшу өлкөлөрдүн Кыргызстандын сууларын бекер пайдаланып жатышканы, бул аймактагы геосаясат тууралуу басылманын эксперти Марат Сүйүнбаев талдоого алат. Өлкөдөгү спирт ичимдиктерин өндүрүүнүн көйгөйлөрү жөнүндө басылма иликтөө жүргүзгөн. Учурда Кыргызстанда арак өндүрүү жогорулап, вино жана шампан өндүрүшү солгундап кеткен. Ал эми коньяк чыгаруу дээрлик колго алынбай калган.

Шаршембиде жарык көргөн “Аргументы и факты” жумалыгынын Кыргызстандагы тиркемеси кыргызстандык 12 атуул чет өлкөлөрдө расмий түрдө тынчтык миссиясын аткарып жүргөнүн кабарлады. Ушул басылма келээрки жылда болчу президенттик шайлоого өлкөнүн акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу да талапкердигин коюп, катышаарын билдирди. Ошондой эле Турсунбай Бакир уулун Жалалабад облусу боюнча акыйкатчынын мудагы өкүлү К.Камытов «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, пара талап кылган жана 50 миң сомдук материалдык чыгым келтирген» деп сотко арыз менен кайрылганын кабарчы Алина Мураталиева жазды.

Ушул басылма Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун «Кылымга тете бир күн» романынан негизинде «Маңкурттун энесинин көз жашы» кинотасмасы 12 миллион сомго тартылганын, 2- июлда бекер көрсөтүлөөрүн кабарлады.

23-июндагы «Вечерний Бишкек» басылмасы өлкөнүн 29 бүтүрүүчүсүнө Орусиянын мектеп аттестаты тапшырылганын билдирди. Себеби алар Кыргыз-Орус (Славян) университетинин алдындагы орто мектепти бүтүрүп чыгышкан. Ушул басылманын кабарчысы Азамат Касыбековдун маалыматына караганда, Борбор Азиядагы Америка университетинин студенттери, кыргызстандык Кайрат Касымалиев менен Элдар Супатаев АКШнын Вест-Пойнт аскер академиясына кабыл алынды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG