Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

АДАМ УКУКТАРЫНЫН АБАЛЫ ТҮШТҮК ОБЛУСТАРДА КАНДАЙ КОРГОЛУУДА


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Соңку айларда иши солгундап кеткен Кыргызстан адам укугун коргоо комитетинин Ош, Жалалабад, Баткен облустарындагы бөлүмү жарандардын укугун кандай коргоп жатат? Бөлүмдүн изилдөөсүндө акыркы үч айда кандай фактылар аныкталгандыгы тууралуу комитеттин түштүктөгү координатору Кубаныч Маматкеримов айрым суроолорго жооп берет.

- Кубаныч Маматкеримович, облустагы адам укугун коргоо абалына кандай баа берер элениз? Сиздердин изилдөөнүздөр боюнча адам укугун кимдер сактабай, кайсы тармактарда бузулуп жатат?

- Адам укуктары аткаруу бийлигинин өкүлдөрү тарабынан басмырланып жатат. Акыркы үч айда көбүнчө Ош, Баткен, Жалалабад облустарынан түшкөн 51 арыз, даттануу, кайрылуунун 47си аткаруу бийлигине, калганы ички иштер уюмдарына тиешелүү.

-Бөлүм учурда кимдердин укугун коргоого киришти, эмнелер аныкталды?

-Энелер балдарынын жөлөк пулу үчүн нак акчанын ордуна кымбат баада ун таратылганына капа болушууда. Маселен, Аксы районуна 260 тонна ун бөлүнгөн. Райондун социалдык жардам берүү бөлүмүнүн кызматкерлери алты айлык жөлөк пулдун ордуна энелерди коркутуп-үркүтүшүп, унду мажбурлап таркатышкан. Ноокен, Базаркоргон райондору менен Ташкөмүр шаарына да ун ушундай ыкма менен таратылган. Аксы районунда «Кыргызпочта» ишканасынын кызматкерлери ун менен кошо эскирген гезиттерди күчтөп беришкен.

- Коомчулукта облуста балдардын укугу эстен чыкты деген пикир бар. Ушул ой чындыкка дал келеби?

- Азыркы мезгилде мектептерди бүтүрүүчү улан-кыздардын укугу сакталбай атат. Аларга паспорт же жетилүү аттестаттарын берүү үчүн алдын ала акча жыйналган. Мындай иш чара президенттин 2002-жылдын 30-декабрындагы көрсөтмөсүнө карама-каршы келет. Мектептерде аттестат үчүн 30-40 сомдон акча жыйнап атышат.

XS
SM
MD
LG