Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:14

Фаллужадагы чабуулдан 20га жакын адам набыт кетти


БАГДАД. АКШнын расмий маалыматтары боюнча 22-июнда Ирактын Фаллужа шаарында өлкөнүн убактылуу өкмөт башчысы Ийяд Аллави өлтүрүлөт деген коркутуу менен чыккан топ менен байланышы бар деп шектелген үйдү бомбалоодон 20га жакын адам набыт кетти. АКШнын согуш учактары менен жасалган чабуулдан набыт кеткендердин арасында бейкүнөө адамдар да бар. Интернет барактардын биринде жайгаштырылган аудио-жазмада сүйлөгөн адам өзүн “Абу Масаб ал-Заркави” деп атаган. Теги иордандык ал-Заркавини АКШ “ал-Каида” террорчу тобунун Ирактагы башчыларынын бири деп эсептейт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG