Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:03

БОРБОР АЗИЯДАГЫ БАҢГИЛИК ТАТААЛ МАСЕЛЕГЕ АЙЛАНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Ооганстанда өндүрүлгөн маңзаттарынын кеминде төрттөн бири Европага Борбор Азия жумурияттары аркылуу өтөт. Ошондуктан жергиликтүү калктын дагы баңгиликке берилгени улам көбөйүүдө. Аны менен кошо Борбор Азияда СПИД оорусу дагы кеңири тарап баратат жана бул эки дартты азыр бир дагы мамлекет өзү жалгыз жеңе албаган абалга жетип калды.

1999-жылы Кыргызстанда СПИД оорусуна алып келген вирус жуккан төрт гана адам катталган болсо, эки жарым жылдан кийин, 2002-жылдын орто ченинде андайлардын саны эки жүз жетимишке жеткен. Бишкектеги СПИД борборунун маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна карата өлкөдө 545 оорулуу адам катталган жана алардын төрт жүз жетимишке жакыны Кыргызстандын өзүнүн жарандары. Эл аралык эксперттердин айтымында болсо СПИД жуккан адамдардын чыныгы саны катталгандардын санынан он эсе көп болушу мүмкүн.

Борбор Азияны жалпысынан алганда, эгер 1995-жылы беш өлкөдө бардыгы болуп 88 гана адам СПИД менен катталган болсо, 2003-жылы андайлардын саны алты миң жети жүзгө жеткен жана Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, оорулуулардын чыныгы саны 90 миңге жакын.

Бириккен Улуттардын СПИД боюнча агенттигинин өкүлү Жеймс Каллагендин айтымында, ооруга жаңы чалдыккандардын көпчүлүгү аны маңзаттарын ийне менен кан тамырына сайгандан жугузуп алат:

- Биздин агенттик жана башка уюмдар өткөргөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына караганда, СПИД оорусун жаңы жугузуп алгандардын алтымыштан жетимишке чейин пайызы аны - башка баңгилер пайдаланган ийне менен өзүнүн кан тамырына маңзат сайгандан жугузат. СПИДдин жайылышы абдан орчундуу саламаттык сактоо маселеси жана ал маңзаттарынын коомго тийгизген эң терс таасири.

Маңзаттарынын аткезчилигин токтотуу болсо азыр Борбор Азияда гана эмес, бүткүл дүйнөдө чечилгис маселеге айланып баратат. Бирок Борбор Азиянын өзгөчөлүгү - анын жакырлыгында.

Швециянын Уппсала университетинин адиси Никлас Свэнстромдун пикиринде, жакырчылыкты жеңмейинче баңгилик менен СПИД маселелерин чечүү мүмкүн эмес:

- Аймакта экономика өнүгүп, соода кеңири тарабагандыктан, кара терге түшүп эмгектенип 100 доллар тапкандан көрө маңзаттарын бир жерге жеткирип бир миң доллар таап алуу алда канча оңой.

Тажикстанда, мисал үчүн, азыр калктын 80 пайызы жакырчылык деңгээлинен төмөн абалда жашайт жана маянанын аздыгы милиция менен бажы кызматкерлерин дагы коррупцияга түртүүдө. Эл аралык кризис тобу 2001-жылы жарыялаган маалыматка караганда, Борбор Азиянын бажы кызматтарында иштегендердин кеминде 50 пайызы маңзаттарынын аткезчилигине тиги же бул деңгээлде өздөрү катышат.

Аны менен катар, эл аралык террорчулукка берилип кеткендер дагы курал-жарак сатып алуу үчүн маңзаттарын таратуу иштерин жүргүзөт. Ошондуктан бул үч балакет - террорчулук, баңгилик жана СПИД оорусу - бир-бири менен өтө татаал түрдө айкалышкан жана аларга каршы жалпы күрөшүү керек.

Шотландиянын Сэнт Эндрюс университетинин кызматкери Тамара Макаренконун айтымында, маселе акыркы жылдарда өтө татаалдашып кеткендиктен, ал саясий деңгээлге чыкты. Аны чечүү ишинде кылмыштуу топтор менен эч кандай келишимге барбастан күрөш жүргүзгөндө гана ийгиликке жетүү мүмкүн.
XS
SM
MD
LG