Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:17

ИНГУШЕТИЯДАГЫ АТКЫЛАШУУДАН 90дон АШУУН АДАМ КӨЗ ЖУМДУ


Төрөкул Дооров, Москва Дүйшөмбү күнү түндөсү Ингушетияда болгон куралдуу кагылыштардан каза тапкандар акыркы сапарга узатылышты жана республикада бул окуяга байланыштуу 3 күнгө аза күтүү жарыяланды. 23-июнга карата маалыматтарга ылайык, Назрань шаарында, ошондой эле Слепцовская, Карабулак жана Орджонокидзевская калктуу пункттарында өмүрү кыйылгандардын саны 92ге жетип, 70 тен ашуун адам жарадар болгон.

21-июндан 22-сине караган түнү 200дүн тегерегинде куралчан адамдар Ингушетиянын бир катар административдик имараттарына, алардын ичинде, ички иштер органдарынын айрым кыштактардагы бөлүмдөрүнө кол салышкан. Аткылашуунун жыйынтыгында республиканын укук коргоо органдарынын 50гө жакын кызматкерлери көз жумушту.


Айрым маалыматтарга ылайык чабуулду уюштургандар курал-жаракка жык толгон эки машинени да уурдап кетишкен.

Ингушетияга болгон куралдуу чабуул, орус бийликтеринин ишениминде, чечен сепаратистери тарабынан уюштурулду. Мисалы, Чеченстандын ички иштер министри Алу Алханов «Ингушетияга чабуулду Шамиль Басаевдин кол астындагы жоочулар жасашкан» деп эсептейт. Ошондой эле, Алхановдун оюнда, жикчилердин лидери Аслан Масхадов бул окуяны алдын ала билген. Анткен менен Масхадовдун өкүлү Ахмед Закаев «Эхо Москвы» радиостанциясына берген интервьюсунда бул өңдүү ойлорду четке кагат.

Ошол эле учурда, өткөн жумада Аслан Масхадов «Азаттыкка» берген интервьюсунда «жикчилер жакынкы мезгилдерде ырааттуу уланып келаткан согушта өздөрүнүн тактикасын өзгөртө» тургандыгын айткандыгы маалым.

«Карнеги» корунун өкүлү Алексей Малашенконун билдирүүсүндө, «Масхадов жакында пайда болуучу өзгөрүүлөр тууралуу айткандан кийин эле Ингушетиядагыдай алкактуу чабуулдун башталышы коркунуч туудурат».

Эмне үчүн жикчилер чабуулду Чеченстанга эмес, Ингушетияга жасашты? Аскерий проблемалар боюнча эксперт Павел Фелгенгауэрдин пикиринде, Ингушетияга кирүү жикчилер үчүн оңой болду.

- Бирок жоочулар ингуш жерине, өз учурунда Дагестанга киришкендей, бир эле убакта басып киришкен жок. Жикчилер, балким, жергиликтүү калктын арасында, же укук коргоо органдарынын кызматкерлери ичинде жүргөн болушу мүмкүн. Андыктан, берилген буйруктун негизинде заматта чабуулду уюштура коюшкан. Ал эми кийинчерээк алардын бир бөлүгү эл ичине таркап, дагы бирөөлөр Галашки кыштагына кирип, тим болушту. Галашкиде жашыл дарактар аябай көп болгондуктан, биздин күч структуралар аларды эми такыр эле таппай калышы да мүмкүн.

Түндүк Кавказда Орусиянын он миңдеген аскерлери бар. Анткен менен, бир канча жолу өлкөнүн атайын кызматтары да, күч структуралары да жикчилердин максатын алдын ала билип, аны токтото алышкан эмес. Ингушетияда куралдуу кагылышуу болгон күнү Орусиянын башка бир бөлүгү, Ыраакы Чыгышта, күч структураларынын «Мобилдүүлүк-2004» аталышындагы аскерий машыгуулары башталды.

- Бул өңдүү аскерий машыгууларды Ыраакы Чыгышта эмес, өлкөнүн машакаттуу бөлүгү Түндүк Кавказда өткөрсөк, максатка ылайык болмок. Ингушетияда аткылашуу түнү менен уланып, душмандар өздөрү каалаган ишин бүтүрүп алышкандан кийин гана биздин аскерлер ал жерге жетип келишти.

Анткен менен Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов Ингушетиядагы окуялар чынында эч кимди деле таң калтырбагандыгын, бул өңдүү окуялар региондо дайыма эле болуп тураарын айтат:

- Орусиянын куралдуу күчтөрүндө жикчилердин мизин кайтарып кое алчудай кубаты бар деп ишенем.

Орусиядагы НТВ телеканаланынын кабарчысы Максим Березин Ингушетиядагы аткылашуу учурунда окуя болгон жерге кирүүгө далалат жасаган. Аны жолдо жикчилер токтотуп, согуш майданынан кетүүгө буйрук беришкен. Березиндин айтымында, ал Чеченстанга туташ республикада коопсуздук чаралары дээрлик каралбагандыгына таң калыптыр:

- Биз Ингушетияга киргенде, чегарадагы биринчи постто эч ким жок экен. Буга таңкалдык, анткени ошол учурда башка жерлерде атышуу жүрүп жаткан, демек, ал жерде сөзсүз жергиликтүү укук коргоо органдарынын куралдуу күчтөрү болушу керек деп ойлогонбуз. Ал эми экинчи күзөтчү постунда бизди жикчилер токтотушту. Алар күзөт бөлүмүн ээлеп алышкан экен. Бирок биздин журналистик күбөлүгүбүздү көрүп, кое беришти.
XS
SM
MD
LG