Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:47

Баткен облусу менен Согди облусунун жетекчилери жолугушту


БАТКЕН. Бейрасмий достук жолугушуусунун негизги бөлүгү Лейлектин Төө жайлоосундагы Шоогас капчыгайында өттү. Анда коңшулаш эки облустун башчылары Аскарбек Шадиев менен Касымжан Касымов баштаган топтор эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен ишканаларды, соода борборлорун ачуу, кыргыз, тажик элдеринин ынтымагын бекемдөө максатында түрдүү маданий иш чараларды мындан ары тез-тез уюштуруп туруу жөнүндө сүйлөшүштү. Достук маанайдагы бул жолугушууну кыргыздын улуттук оюндары жана жергиликтүү таланттардын ыр, бийлери коштоду. Буга дейре мындай жолугушу ушул жылдын 4-мартында Тажикстандын Хожент шаарында өткөн. Бул тууралуу маалымат облустук акимчиликтин басма сөз кызматынан 24-июнда алынды.

XS
SM
MD
LG