Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Талас шаарынын 2012-жылга чейинки өнүгүү планы үчүнчү жолку окуудан өттү


ТАЛАС. Талкууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аймактык өнүгүү министринин биринчи орун басары Бактияр Фаттахов, өкмөт аппаратынын, чакан шаарлар ассоциациясынын жана Урбан институтунун жетекчилери менен эксперттери катышышты. Талас шаарынын 2012-жылга чейинки өнүгүүсүнүн беш багыты боюнча түзүлгөн пландарга аталган министрлик, ведомстволорунун кызматкерлеринен тышкары жергиликтүү адистер, ишкерлер, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү алымча, кошумчаларды киргизишти. Эми бул план шаар калкы, жергиликтүү жамааттар, коомдук бирикмелер арасында да талкууланып, андан кийин шаар элинин курултайында кабыл алынат. Кошумча маалымат үчүн айта кетүүчү жагдай - Талас шаары Кыргызстандагы шаарлардын ичинен Дүйнөлүк банк биринчи этапта каржылай турган жети шаардын бири болуп киргизилген.

XS
SM
MD
LG