Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:03

ЕККУнун миссиясы Кыргызстанда


БИШКЕК. Бул күндөрү Бишкекте Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун аз улуттар боюнча башкы комиссарынын баа берүүчү миссиясы жүрөт. Тутумуна Норвегиянын полициясынын офицери Арве Вестгаард жана Интерполдун Киев облустук бюросунун башчысы Серхий Хеворков кирген миссия Бишкек шаарында, Ош, Жалалабад облустарында болот. Анда расмий бийлик өкүлдөрү, депутаттар, тартип коргоо органдардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана журналисттер менен жолугушуп, Кыргызстандагы аз сандагы улуттар жана алардын укугун коргоо, кам көрүү деңгээли боюнча пикир алышат. ЕККУнун аз улуттар боюнча башкы комиссарынын баа берүүчү миссиясы ишин 2-июлда аяктайт.

XS
SM
MD
LG