Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:59

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын өнүгүүсү боюнча отчет түздү


БИШКЕК. Бүгүн «Хаятт» мейманканасында Дүйнөлүк банктын Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү болжолдонгон «Өлкөнүн экономикалык меморандуму: өнүгүү жана соода стратегиясы» аттуу отчетунун бетачары болду. Отчет Кыргызстандын ушул жылдын 1-июнуна чейинки экономикалык көрсөткүчтөрүн иликтөөнүн негизинде даярдалып, мындан аркы экономикалык өнүгүү үчүн кандай аракеттерди көрүү багыттары жазылган. Дүйнөлүк банктын иликтөөсүнө караганда, Кыргызстан 90-жылдардын башында экономикалык реформалар боюнча региондо лидер болгон. Бирок азыр ал демден тайып, өнөр жайдын өнүгүшүнө көңүл бурулбай калды жана салыктын оордугу өнүгүүгө башкы тоскоолдук болууда деп жазылган.

Экономикалык өнүгүү жана тышкы соода министринин орун басары Сабырбек Молдокулов отчетто камтылган айрым маалыматтар эски экендигин билдирип, Дүйнөлүк банктын сунуштарын ишке ашырууга өкмөт даяр экендигин жарыя кылды.

XS
SM
MD
LG