Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:56

"Арнамыс" партиясы билдирүү таратты


БИШКЕК. "Соңку мезгилдери оппозициячыл маанайдагы «Арнамыс» партиясынын өкүлдөрүн жана алардын үй-бүлөө мүчөлөрүн негизсиз кармап, уруп согуп, куугунтукка алуу күчөөдө". Мындай билдирүүнү бүгүн «Арнамыс» партиясынын саясий кеңеши Кыргызстандын башкы прокуратурасы, ички иштер министрлиги жана массалык маалымат каражаттарына таратты. Билдирүүдө партия мүчөлөрү Акүйдүн жетекчилиги тарабынан атайылап куугунтукка алынып жаткандыгы айтылып, аткаруу бийлигинен мындай куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.

Аталган партиянын саясий кеңешинин маалыматына караганда, 22-июнда «Арнамыс» партиясынын Жалалабад облустук бөлүмүнүн башчысы Дарман Жоробеков милиция кызматкерлери тарабынан негизсиз камалып, утурумдук камоо жайында белгисиз бирөөлөрдөн ырайымсыздык менен таяк жеген. Учурда Дарман Жоробеков облустук ооруканда дарыланууда.

Ал эми Жалалабад шаарынын ички иштер башкармалыгынын орун басары Кубанычбек Жанболотовдун маалыматына караганда, Дарман Жоробеков мас абалында кармалып, милиция кызматкеринен эмес, камактагы адамдан таяк жеген.

Ал эми 17-июнда Биринчи май райондук милиция кызматкерлери партия мүчөсү Тынчтыкбек Дулатовдун баласы Дамир Дулатовдун үйүнө барышып, орой мамиле жасап, андан атасынын кайда жүргөндүгүн таап берүүнү талап кылышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG