Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:59

Айрым депутаттар билдирүү жасашты


БИШКЕК. Кыргызстандын аткаруу бийлигинин соңку он беш жыл аралыгында мамлекеттин байлыгын адилетсиз менчиктештирүү менен коштолгон элге каршы реформалары өлкөнүн экономикасын талкалап, жумушсуздуктун эбегейсиз деңгээлде өсүүсүнө жана кыргыз элинин 85 пайызынын жакырданышына алып келди. Ага карабай кыргыз өкмөтүнүн «Кыргызэнерго», «Кыргызтелеком», «Кыргызстан аба жолдору» сыяктуу мамлекеттик ири ишканаларды менчиктештирүү аракетине каршыбыз. Мындай мазмундагы билдирүүнү бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын «Коммунистер» фракциясы баш болгон он жети депутат президент Аскар Акаев жана төрагасы Абдыганы Эркебаевге жолдоду. Ошондой эле, кайрылуу ээлери соңку жылдары өлкөнүн тышкы карызы 1 миллиард 965 долларга жеткендигине токтолушуп, аны ар бир Кыргызстандык атуулга бөлгөндө бешиктеги баладан бери кошуп санаганда кеминде 16 300 сомдон туура келээрин жазышкан. Кайрылуунун соңунда алар мамлекет башчысынан мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү токтотууну өтүнүшкөн.

Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргызстандын аткаруу бийлиги жогорудагыдай маалыматка маакул эмес. Өкмөт башчы Николай Танаевдин айтымында, соңку жылдары Кыргызстандын экономикасы өсүп, жакырчылык кыскарууда.

XS
SM
MD
LG