Ирандагы элчиликтин ырасмий өкүлдөрүнөн алынган тастыктамага таянып, тышкы иштер министри Жек Стро британдык сегиз аскери деңизчи бейшемби күнү лондондук дипломаттардын колуна өткөрүлүп берилгендигин кабарлады. Мен буга өтө курсантмын, деп айтты Стро. Деңизчи аскерлердин үй-бүлөлөрү, алардын куралдаш курбулары үчүн да бул кушубак кабар болгонунда шек жок. Иштин чечилишине көмөктөш болгону үчүн Стро ирандык кызматташы Камал Харразиге өзгөчө ыраазылыгын билдирди.
Британдык деңизчи аскерлер дүйшөмбү күнү Шатт ал-Араб өстөнүндө кайгоолдо жүрүп Иранга караган аймакка бир чакырымдай илгерилеп кирип кетишкен эле. Чекарачылар аларды кармап, камап салышкан. Иштин чоо-жайын таптиштеп чыгып, Тегеран бийликтери британдыктар чындап эле Иран тарапка байкоосуздан өтүп кеткенине ынанышты. Муну деңизчи жоокерлер өздөрү да моюнга алып, Ирандын улуттук телеканалы аркылуу кечирим сурашты.
Британдык кайгоолчу кайыктын экипажы Иранга караган аймакка кирип келген соң, арийне, алар кармалып, суракка алынды, деп ырастады Тегеранда өлкөнүн тышкы иштер министри Камал Харрази. Териштире келгенде алардын душмандык эч кандай максат-мураты жоктугу, ырастан эле адашып кетишкени аныкталды, ошондуктан аларды бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Иран өзүнүн территориясын коргойт, аны бузганга эч кимге жол койбойт, деп тактады Хараззи.
Британ министри Жек Стро да мындай окуялар кез-кезде болуп турарын, аны чечкенге адатта убакыт керек болорун ырастады. Акыры британ деңизчилери бошотулганын, баары тең алты саны аман экенин айтып, Стро аларга ирандыктар жаман мамиле жасап, жабыр көрсөтпөгөнүн белгиледи.
Британдык деңизчи аскерлер Иракта жергиликтүү коопсуздук органдарына жардамдашып, жаңы кызматкерлерди жатыктырып-машыктырып жүрүшкөн эле. Эми аларды Тегерандан түз эле Лондонго алып кетишет. Алардын аскер кайыктары болсо ирандык чекарачыларда калат.