Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:18

ЫРАСМИЙ ТАШКЕН КЫРГЫЗ--ӨЗБЕК ЧЕГАРАСЫН МИНАДАН ТАЗАЛОО НИЕТИН АЙТЫП ЧЫКТЫ


Кыргызстан менен Өзбекстандын чегарасын миналардан тазалоо маселеси кайрадан көтөрүлдү. Буга Венада жакында өткөн жыйында Өзбекстандын расмий делегациясы эки өлкөнүн чегараларына коюлган миналарды зыянсыздандыруу боюнча билдирген маалыматы себеп болду. 1999-2000-жылдарда Баткенге кол салган куралчан топторго каршы күрөшүү учурунда Өзбек тарап чегарага өзүн коргоо максатында мина койгон. Андан Кыргызстан 7 миллион сом чыгым тартып, бир нече адам набыт кеткен. Ырасмий Бишкек бул маселени өзбек бийлигине тынымсыз коюп келатат.

Кыргызстандын түштүк облустарындагы тургундардын мина коркунучунун алдында жашап жатканына төрт жылдын жүзү болду. 1999-2000-жылдары Өзбекстанга кол салабыз деген максатта Баткенге кирген куралчан топтордон өзүн коргоо максатында ырасмий Ташкен эки өлкөнүн чегарасына мина койгон. Андан бери 14 жолу жарылуу фактысы катталган. Кыргызстандык 3 адам минадан каза тапты. Ал эми мал-жандык болуп отуруп, кыргыз тарап минадан жети миллиондой сом зыян тарткан.

Минанын мындай кесепеттери азыр деле жоюлбай жатканын кыргыз өкмөтү расмий Ташкенге тынымсыз билдирип келет. Ал тууралуу Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын укук коргоо жана коргонуу секторунун башчысы Таштемир Эшалиев минтет:

- Баткен, Кадамжай районунун Өзбекстан республикасы менен чектешкен жерлерге коюлган миналарды алуу жөнүндө кайрылуу жасап келебиз. Өзбекстанга да бир нече жолу кат жаздык.

Эшалиевдин айтымында, Баткен облусунун аймагындагы миналарды зыянсыздандыруу же жок кылуу максатында көргөн аракеттерден таасирдүү майнап чыккан жок. Анткени мина коюлган жерлерге белги коюлбагандыктан, аларды аныктоо кыйын. Анын үстүнө, Өзбекстан Кыргызстандын бир нече жолку кайрылуусуна карабай, ушул күнгө чейин мина талааларынын картасын бербей келатат.

Ырасмий Бишкектин миналарды жок кылуу боюнча Өзбекстан менен биргелешип иштөө сунуштары да кабыл алынбайт:

- Азырынча эч кандай жыйынтык боло элек. Өзбекстан миналардын каерге коюлгандыгы тууралуу картасын бербей жатат. Өткөн жылы Бишкектен мина издөөчү саперлор тобу келишип, Өзбекстан өкмөтүнөн, чегара кызматкерлеринен чакырып, "миналарды алалы, анклав болгондон кийин, минанын кереги деле жок, адамдар өлүп жатат" дегенбиз, -деди Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын укук коргоо жана коргонуу секторунун башчысы Таштемир Эшалиев.

Жергиликтүү адистердин бизге берген маалыматы боюнча, Кызыл Жарым ай коомунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көмөгү астында Баткен аймагында минанын коркунучтуулугун элге түшүндүрүү долбоору иштеп жатат. Тактап айтканда, мина коюлган жерлерге эскертүүчү көрнөктөр орнотулуп, андан сактануунун жол-жоболору үйрөтүлүүдө.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Венеда жакында өткөн эл аралык жыйынында Өзбекстандын расмий делегациясынын өкүлдөрү чегараны минадан тазалоо ниети бардыгын айтышты. Бул маалымат ырасмий Бишкек үчүн жагымдуу кабар болду. Ал тууралуу Кыргыз республикасынын тышкы иштер министрлиги 23-июнда атайын билдирүү таратты. Анда кыргыз-өзбек чегараларын минадан арылтуу Борбор Азия аймагында кошуналык жылуу мамилени жана достукту чыңдаары айтылды.

Тышкы иштер министринин орун басары Эркин Мамкуловдун айтымында, бирок азырынча Өзбекстан миналарды жана алардын кесепеттерин кантип жоюу боюнча план-программаларын көргөзө элек. Ошондон улам бул жаатта эки мамлекет мындан ары кандай иш алып бараары азырынча белгисиз:

- Бизде мындан башка кошумча маалыматтар деле жок. Өзбекстан тараптан Венадан билдирилген кабардан башка эч кандай өзгөчө деле иш-пландар жок.

Ал эми ушул эле министрликтин экинчи өкүлү Радмил Кадыров Өзбекстандын мина коркунучун жоюу боюнча Венадагы билдирүүсү болочокто жакшы жагдайдан кабар берерине ишеними артып калганын мындайча түшүндүрдү:

- Бул маселеде биз коңшу мамлекетке бир нече жолу кайрылып келгенбиз. Анын акыбети кайтып калар деген ишеним жок эмес.

Ошентип, Кыргызстан буга чейин эл аралык террорчуларды Өзбекстанга киргизбей турганын ырасмий айтып, бирок миналарды тазалоону ырасмий Ташкенден далай ирет суранып да, талап кылып да келген эле.
XS
SM
MD
LG