Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:11

ЮКОС компаниясынын башчылыгына В.Геращенко дайындалды


Орусиянын парламентинин депутаты, өлкөнүн борбордук банкынын мурдагы башчысы Виктор Геращенко ЮКОС мунай компаниясынын директорлор кеңешинин төрагалыгына дайындалды. Ал эми ЮКОСтун башкармалыгынын төрагасы болуп Семен Кукестин ордуна Стивен Майкл Тиди дайындалды.

Геращенко эгерде өкмөт тарабынан аткарууга мүмкүн болбогон талаптар коюлбаса, компанияны бакроттуктан сактап калуу мүмкүн деп билдирди. Өлкөнүн салыктар боюнча министрлиги ЮКОС компаниясынан төлөнбөгөн салыктар үчүн компенсация катары 100 миллиардка жакын рубль төлөөнү талап кылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG