Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:13

Жети жылдык узак сапарын андан ары улантып, «Кассини» аттуу кеме Сатурн планетасынын орбитасын көздөй сүңгүп келүүдө. АКШнын бул аралыктан башкарылчу кемеси эми алдыдагы төрт жыл ичинде алкактарга оронгон сырдуу планетаны жана анын жандоочуларын иликтейт. Кемедеги жабдууларды жасоого британдык жана башка европалык окумуштуулардын да салымы чоң.

Салмагы дээрлик алты тонна болгон жана бийиктиги үч кабат үйгө тете бул залкар кеме өзүнүн планета аралык сапарын үзүрдүү улантып, Сатурндун орбитасына улам жакындап келүүдө. Эгерде бардыгы ойдогудай болсо, анда «Кассини» ("Cassini") кемеси 1-июлда Сатурндун эң четки алкактарынын ортосундагы мейкиндиктен өтүп, андан соң өз ылдамдыгын азайта баштамакчы. Акыры «Кассини» кемеси Сатурндун орбитасында айланып учуп калууга тийиш.

Быйыл декабр айында «Кассини» кемеси ташыган жүктүн эң олуттуусу – европалыктар курган «Гүйгенс» (Huygens) аттуу өзү жүрүүчү илимий аппарат Сатурндун жандоочуларынын бири – Титанга кондурулат. Көлөмү Меркурий планетасынан да чоңураак болгон бул жандоочунун кыртышында суу болбосо да, метан деңизи бар экендиги божомолдонууда.

Британиядагы Лэйстер университетинин профессору Стэн Коули (Stan Cawley) мырза «Кассини» кемесинин айрым жабдууларын жасоого салым кошкон. Коули мырза долбоорлонгон иштердин бардыгы ойдогудай жүзөгө ашат ко деп санайт:

- Мен мындай деп айтаар элем: биз ичибизден тынып, бирок бардык ойлогон ой жүзөгө ашат ко деп турабыз.

Коули мырзаны саал санаркаткан нерсе - «Кассини» кемесинин ылдамдыгын басаңдатуучу ракетанын кыймылдаткычы иши кылып өз убагында жанса болду деген ой.

Сатурн планетасы - өтө сырдуу. Ал өзүнө Күндүн кубатын сиңирип алганга караганда, өз кубатын сырткаркы чөйрөгө көбүрөөк чыгарып турат экен. Бул планета көбүнчө суутек газынан турат, - дейт Коули.

Ал эми европалык окумуштуулар курган “Гүйгенс” аппараты 1665-жылы алгачкы жолу Сатурндун айы Титанды ачкан голландиялык астроном Христиан Гүйгенстин (Christiaan Huygens) ысымы менен аталган. “Титанжүргү” болуп кала турган бул илимий лабораторияны жасоого катышкан аалым - британиялык Саусэмптон мухит таануу чордонунун (Southampton Oceanography Centre) кызматкери Питер Чэлленор (Peter Challenor). Титанда мухит барбы, деги бул жандоочуда жамгыр жаайбы, жааса ал суу жамгырыбы, же көптөгөн окумуштуулар жоромол кылгандай, метан жамгырыбы? Дал ушул жагдайды тактоо үчүн атайын илимий жабдуу жасалганын жана ал болочокку туңгуч “титанжүргүгө” жүктөлгөнүн Чэлленор баяндайт:

- Коно турган аппаратты дал ушул жагдайды аныктай турган аспап менен жабдыдык. Эгерде аппарат Титандын мухитине коно турган болсо, анда бул аспап Титандын мухитиндеги толкундун деңгээлин өлчөй алат. Мындай тажрыйбаны биз Жерде да жүзөгө ашырып келебиз. Демек, биз алгачкы жолу тээ алыстагы планетанын айынын деңиз толкунун өлчөөгө камынуудабыз.

«Гүйгенс» титанжүргүсү Титанга келээрки жылдын январында гана кондурулууга тийиш. Ал эми азыркы тапта баарын шыктандырган да, түйшөлткөн да нерсе – бул июл айынын 1инде «Кассини» кемесинин Сатурндун орбитасындагы тийешелүү мерчемге жетиши.

Лондондогу Империал коллежинин кызматкери, доктор Мишел Догерти (Michele Dougherty) айым бул окуя тууралуу мындай дейт:

- Сатурндун орбитасына сүңгүп жетүү – биз үчүн өтө олуттуу, анткени биз анда алгачкы жолу бул планетага өтө жакын келген болобуз. Анын аркасында биз планетанын чөйрөсүнүн ички түзүлүшүн ченеп-өлчөөгө мүмкүндүк алабыз.

Айтор, долбоорлонгон кадамдар ийгиликтүү жүзөгө ашырылса, анда «Кассини» кемеси адамзаттын кыялындагы нерселердин бирин өңүбүздө көрүүгө, Күн системасын иликтөөдө тарыхый жаңы барак ачууга мүмкүнчүлүк бермекчи.
XS
SM
MD
LG