Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:50

ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ОТЧЕТУ


Дүйнөлүк банктын Кыргызстандын өнүгүү жана соода стратегиясы боюнча экономикалык меморандум отчетунун бетачар аземи Бишкекте өттү. Кыргызстандагы экономикалык реформалардын ырааты, анын жетишкендиктери менен мүчүлүштөрүн кылдат талдоого алган көлөмдүү документ кызуу талаш-тартыштарды жаратты.

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандын өнүгүш жана соода стратегиясын аныктаган отчетун даярдаган топтун жетекчиси Шебнем Аккая Кыргызстандын экономикасында алтын өндүрүшү маанилүү орунду ээлей тургандыгын, анткен менен ал өнүгүүнүн бирден-бир булагы, экспорттун ишене турган таянычы болоору кыйын экендигин белгиледи.

Анын кесиптеши Бартек Камински Кыргызстан башында экономикалык реформаларды ыкчам жүргүзүп, ушу тапта макроэкономикалык туруктуулукка жетишип калганын белгиледи. Анткен менен республика Дүйнөлүк соода уюму менен Евразия кызматташтык биримдигине мүчө болушунун ыраатын жакшы көрө албай жатканын айтты:

- Коңшуларына салыштырмалуу экономикалык реформаларды батыл жасаган Кыргызстан алгач бул жаатта баштооч болуп келген. Өлкөдө макроэкономикалык туруктуулук сакталууда. Кыргызстанда башка өлкөлөр менен соода алакасын түзүүгө жакшы шарттар түзүлгөн.

Дүйнөлүк банктын отчетунда чагылдырылган айрым маселелер Кыргызстанда чечилгенин, ошондон кээ бир маалыматтар дагы такталууга муктаж экенин президенттик акимчиликтин экономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы Кубат Каныметов ырастады:

- Стратегия чегинде эки багыт аныкталууда. Биринчиси боюнча биз чөлкөм деңгээлинде иштешибиз зарыл экендиги айтылды. Экинчиси, Дүйнөлүк соода уюмунун мүмкүнчүлүгүн кенен пайдалануу. Мындан ары кандай аракет жасашыбыз керектиги жөнүндө пикир айтылууда. Тилекке каршы, отчет өтөле көлөмдүү, анын логикалык ыраатын сактап, айрым кайталанган жерлерди кыскартуу зарыл. Эски маалыматтар көп.

Дүйнөлүк банктын отчетунда Кыргызстанда айыл чарба өндүрүшүнө кошумча нарк салыгын салуу өзүн актабагандыгы белгиленген. Эларалык валюта кору салыктын бул түрүн киргизүү Кыргызстандын экономикалык өнүгүшүнө олуттуу салым кошорун кыйладан бери айтып келатат.

Донор өлкөлөрдүн алдагыдай бири экинчисине каршы сунуштары арбын экендигин белгилеп «Инвестициялык айтөгөрөк үстөл» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Равкат Хасанов чоң сабак болорлук аския айтты:

- Шамал жүрсө деле, канаттуу учса деле селтилдеп корко берген коён, акыл сурап үкүгө барат. Коёндун арыз-арманын уккан үкү «анда кирпичечен болуп албайсыңбы» деген сунушун айтат. Кантип кирпичечен болуштун амалын таппаган коён үкүнүн алдына дагы келет. Анда үкү: «мен мындай маселелерге башымды оорутпайм, жалаң стратегиялык гана маселелерди чечем» дейт. Мен Дүйнөлүк банктагы кесиптештеримди таарынткым келбейт. Бирок момундай стратегиялар эч качан аткарылбайт. Аларды ишке ашырыш үчүн аткаруу механизми керек. Тилекке каршы, Эларалык валюта кору, Дүйнөлүк банк, Азия өнүгүү банкы тандап алган жол, менин оюмча, ар бир өлкө үчүн кыйла эле оор. Алар койгон толгон-токой шарттарды аткарыш үчүн өкмөт элди кыйнап, өзү да кыйналып бүтөт. Бирдеме десең эларалык уюмдардын талабы ушундай дешет.

Эларалык каржы уюмдардын кедей өлкөлөргө көрсөтүп аткан жардамдарынын кайрымжысы жакшы кайтарылбай жатканы, сырттан таңууланган сунуш, талаптар дайыма эле жергиликтүү шартка туура келбестиги айтыла калып жүрөт.
XS
SM
MD
LG