Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:08

«Өкмөт жөнүндө» мыйзам долбоорун Эл өкүлдөр жыйыны карай баштады


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны бүгүн түштөн кийинки отурумунда «Өкмөт жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окулушунда талкуулоого киришти. Ага өкмөттүн атынан биринчи вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев катышууда. Конституциялык мыйзам долбоорун буга чейин мыйзам чыгаруу жыйыны биринчи окулушунда кабыл алган болчу. Долбоор Конституциянын жаңы редакциясы референдум аркылуу кабыл алынгандан кийин кыргыз өкмөтү тарабынан сунушталган. Бирок Мыйзам чыгаруу палатасы парламент менен өкмөттүн укук-милдеттерине, алакаларына байланыштуу талаш-тартыштар боюнча бир пикирге келе элек. Мыйзам боюнча долбоор эки палатадан экиден окуудан өткөндөн кийин гана кабыл алынышы керек.

XS
SM
MD
LG