Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:38

Кытай Ысыккөлдүн 800 гектар жерине спорттук-эс алуучу жай кургусу келет


БИШКЕК. Ысыккөл облусунун тескей өрөөнүндөгү эс алууга ыңгайлуу жерлерди иретке келтирүү иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн облустун губернатору Токон Шайлиева билдирди. Анын айтымында, ушул максатта облус Кытай, Швейцария өңдүү өлкөлөр менен инвестиция тартуу максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Маселен, Кытай Эл Республикасы эл аралык деңгээлдеги гольф клубу жайгашкан спорттук-эс алуучу комплекс куруу үчүн 800 гектар жерди арендага сурап жатат жана бул ишке 200 миллион доллар инвестиция берүүнү убада кылууда. Токон Шайлиеванын айтымында, эгер бул сүйлөшүүлөр ишке ашса, курулуш облусту 1000 жумушчу орун менен камсыз кылмакчы.

Айрым саясатчылар Т.Шайлиеванын жерди кытайлык компанияларга берүү ниетине каршы чыгышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG