Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:49

Куткаруучулардын үч күндүк эл аралык машыгуусу соңуна чыкты


БАТКЕН. 25-июнда Баткен обласы менен Тажикстандын Согди обласынын чектешкен аймагында өткөн куткаруучулардын үч күндүк эл аралык машыгуусу соңуна чыкты. Эки өлкөнүн чектешкен аймагында өткөн бул машыгууга Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан келген куткаруучулар топтору катышып, жер көчкү, сел, суу ташкыны сыяктуу табият кырсыктарынан коргонуу, алардын залакаларын четтетүү боюнча даярдыктарын көрсөтүштү. Машыгуу кайрымдуулук корпусунун "Фергана өрөөнүндө иш жүргүзгөн табигый кырсыктар болгон учурда жамааттардын өзүн өзү коргоосуна жардам көрсөтүү" аттуу долбоордун алкагында өттү.
Аталган 3 өлкөнүн чукул кырдаалдар министрликтери менен биргелешип иш жүргүзгөн бул долбоор табигый кырсыктары болгон учурда жергиликтүү жамааттарды өзүн-өзү коргоого үйрөтүү максатында иштей баштаганына толук бир жыл болду. Долбоорду ишке ашыруу үчүн 3 өлкөнүн ар биринен табигый кырсыктар болушу мүмкүн делген 10, бардыгы болуп 30 айыл тандалып, алардын барында куткаруучулардын ыктыярдуу топтору түзүлгөн жана тийешелүү окуу, машыгууларынан өтүшкөн. Ал эми бул жолку машыгуу алардын чукул кырдаалдарга даярдыгын сыноо, кошуналаш өлкөлөрдүн жарандык коргонуу күчтөрүн чектеш аймактарда болгон табигый кырсыктар учурунда биргелешип аракеттенүүсүн координациялоо максатын көздөдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG