Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

АКШнын президенти Ирландиядагы саммитке сапар тартууда


ДУБЛИН. АКШнын президенти Жорж Буш Еврошаркеттин жана АКШнын саммитине катышуу үчүн Ирландияга келүүдө. Дүйшөмбү күнү Буш НАТОнун Стамбулда өтө турган саммитине катышат. Дублиндеги жогорку деңгээлдеги жолугушуунун негизги темасы - Ирактагы кырдаал. Саммиттин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн 6 миңден ашуун полиция кызматкери менен аскерлер тартылды. Ирактын Абу-Граиб түрмөсүндө болгон одоно укук бузууларга байланыштуу бүткүл Ирландияда наарызылык акцияларын өткөрүү пландаштырылып жатат. Кечээ Ирландиянын РТЕ ТВ телеканалына берген интервьюсунда Буш Абу-Граиб түрмөсүндөгү укук бузуулар жөнүндө буларды билдирди:

- Ирландиялыктар биздин өлкөнүн баалуулуктарын түшүнөт жана кабылдашат деген ойдомун. Ал эми Иракта кылмыш кылган бир ууч солдат бүткүл Американы туйунтат деген кишилер Американы түшүнүшпөйт.

XS
SM
MD
LG