Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:28

ОРУСИЯДАГЫ БАСМА СӨЗ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ


Төрөкул Дооров, Москва Өткөн жумада КМШ мамлекеттеринин бир канча регионалдык уюмдарынын алкагында өткөн жыйындар ушул аптанын биринчи күндөрүнө чейин орус гезит беттеринде кызуу талкууланды. Ал эми аяктап бараткан аптада күн тартибине Ингушетияда болгон трагедиялуу окуялар, ЮКОС мунай компаниясынын айланасындагы чатак чыккандай болду.

19-июнда Санкт-Петербургда расизм боюнча белгилүү окумуштуу Николай Гиренко киши колдуу болуп өлдү. Дээрлик 20 жылдык өмүрүн Орусиядагы улутчулдук жана расизм проблемаларын изилдөөгө арнаган окумуштуунун өлүмү жергиликтүү маалымат каражаттарында карама-каршы ой-пикирлерди жаратты.

«Новые известия» гезитинин жума күнкү санында басылган көлөмдүү макалада «Гиренконун өлүмү Орусияда улутчулдук улам өсүп жатканына ачык далил» деген ой айтылат. Автордун айтымында, «орусиялыктар арасында улутчулдук сезими чектен чыгып бараткандыгын бийлик мойнуна алышы керек».

Ал эми дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түнү 200дөн ашуун куралчан адамдар Ингушетиянын бир катар калктуу пункттарына чабуул жасады. Жыйынтыгында 98 адам каза таап, жүз төртү ар кайсы даражада жаракат алышты.

Негизи - Ингушетиядагы трагедиялуу окуялардын өнүгүшү жана эксперттердин аларга карата пикирлери ар бир эле сапаттуу басылмада орун алгандай болду. Алардын көбүндө айтылгандарга ылайык Ингушетияга чабуулду жергиликтүү калктын ичинен чыккан адамдар уюштурушу мүмкүн жана аларды бул аракетке түрткөн негизги себеп – республиканын президенти Мурат Зязиковдун саясатына каршылык көрсөтүү.

«Время новостей» маалымдагандай республикага чабуул болушу мүмкүн экендигин жергиликтүү укук коргоо органдары алдын ала билишкен. «Аларга окуяга чейин бир канча күн бою чабуул тууралуу кабар келип турган. Ушундан улам 12-июндан жыйырмасына чейин милиция кызматкерлеринин катары дагы башка аскерий бөлүктөрдүн адамдары менен толукталган болчу. Бирок 20-июнда күчөтүлгөн режимдеги жумуш токтотулду. Ошону биле коюшкан жикчилдер келээрки күнү түнкүсүн басып киришти. Демек, эми ким аркылуу аларга маалымат жеткендигин тактоо керек», деп жыйынтыктайт басылма.

Ошол эле учурда Чеченстанда үстүбүздөгү жылдын 29-августунда өтүүчү президенттик шайлоого ат салышууну каалагандардын саны өсүп, бүгүн алардын саны 15 талапкерге жетти. Бирок алардын ичинде азыртадан эле федералдык телеканалдар менен негизги гезит-журналдарда «Кремлдин адамы» катарында кызуу талкууга алына баштаган бир фигура бар. Ал - Чеченстандын ички иштер министри Алу Алханов. "Алханов мырзаны ырасмий Москва колдой тургандыгы азыр эч кимге сыр деле болбой калды", деп жазат «Независимая газета».

Ал эми министрдин ишениминде «эгерде эл колдосо, ал шайлоонун биринчи айлампасында эле жеңишке жетишет».

Орто Азия күндөлүгүнөн бул жумада Түркмөнстандагы орусиялык атуулдардын укугунун кордолушу тууралуу макалалар көп кездешти. Алардын ичинде «Новые известия» менен «Российская газетадагы» жана «Комсомольская правда» гезиттериндеги макалалар өзгөчө көңүлдү бурат.

«Түркмөн жериндеги орусиялык айрым атуулдар президент Владимир Путинге алардын абалын жеңилдетүү өтүнүчү менен кат жолдошкондугу» тууралуу «Российская газета» жазды. «Чынында эле, Түркмөнстандагы орус тилдүүлөрдүн абалы начар, - деп айтылат макалада. - Эки жыл мурдараак түркмөн президенти Сапармурат Ниязов филармонияны жок кылып, ошол эле учурда орусиялык гезиттерди өлкөгө киргизбей койгон. Ал эми жакында эле Ашхабад шаарындагы Орус драма театры жабылып, эми орусиялык жогорку окуу жайларында билим алгандардын диплому жараксыз деп таанылып олтурат. Ушундан улам Түркмөнстандагы
мекендештеринин укуктары орой бузулуп жаткан учурда Орусия буга кийгилишпей койбойт деп ишенебиз», деп жазылган экен түркмөн жеринен келген катта.
XS
SM
MD
LG