Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:59

БАГЫРДЫН КЫЛЫЧЫ


Туванын Эйлиг-Хем өрөөнүндө табылган руникалык эстеликте "Менин алп ысмым Багыр" деген дарек жазылган. Эстеликтин жанында жүргүзүлгөн археологиялык казуудан кыргыз жоокерлеринин курал-жарактары табылган.

Өткөн кылымдын 60-жылдарында таланттуу археолог Александр Данилович Грач Туванын Эйлиг-Хем өрөөнүндө илим үчүн баалуу археологиялык эстеликти тапкан. Жергиликтүү калк Енисей дарыясынын башкы куймасы - Улуг-Хем суусунун аймагында жайгашкан байыркы эстеликтерди "Улуг Хорум" же бизче айтканда "Улуу Корум" деп белгилешкен.

Ал жердеги көрүстөн төрт тарабы таш менен коргондолуп, анын ичинде руникалык жазуусу бар эки таш орнотулган. Археология илиминде көрүстөндүн кашына жазуусу бар эстелик орнотулса айрыкча баалуу деп эсептелинет. Ошондуктан "Улут-Хорум" эстелиги А.Д.Грач тарабынан толук казылып, руникалык жазууну болсо айтылуу тюрколог И.А.Батманов окуган.

Таш эстеликке "Менин Алп ысмым Багыр. Жүз баатыр…" деген жазуу чегилген. Көрүстөнгө орнотулган таш эстеликтеги жазууга караганда анда көмүлгөн каармандын ысымы Багыр экендиги талашсыз. Көрүстөнгө жүргүзүлгөн археологиялык казуудан - сөөктөрү өрттөлгөн жоокерлер жана алардын жоо куралдары табылган.

Борбор Азиядагы элдердин маркумдарды жана алардын жоо жарактарын өрттөп көмүү салтты кыргыздарга мүнөздүү болгон. Көрүстөндөн 200дөн ашык жакшы сакталган куралдар казылып алынган. Асыресе, табылган буюмдар арасынан эки кылыч көңүл арзуусуна татыйт. Алардын биринчиси, түз миз шекилинде жасалып, миз менен саптын ортосуна кыска кылканч орнотулган. Кыргыздардын салтына ылайык өлгөн адам менен кошо көмүлгөн кылыч да өрттөлгөн. Отко жашыган кылыч ортосунан бүктөлгөн. Кыязы, мындай жол менен кыргыздар жоокердин эле эмес, анын кылычы да "өлүп", ээси менен оо дүйнөгө сапар алгандыгын билдиргилери келсе керек.

Андан кийинки көлөмдүү көрүстөндөн табылган экинчи кылыч дасасск болотунан жасалып, миздин эки тарабы тең арабча оймо-чийме жазуулар менен кооздолгон. Миздеги жазуу ыйык Курандагы "Алланын жардамы менен жеңиштин жакындыгы" деген сүрөөдөн экендиги адистер тарабынан аныкталган. Дамасск кылычынын кыргыз жоокерлеринин колуна тийиш жагдайы кыязы, алардын 9-кылымдын орто ченинде Чыгыш Түркстан аймагын ээлеши, экинчиси, балким согдиялык соодагерлердин кыргыз өлкөсүнө жасаган соода аракетинин натыйжасы болушу мүмкүн. Анда эмесе кыргыздардын кылычтары туурасында археолог Кубатбек Табалдиевдин пикирин угуп көрсөк:

- Кыргызчасында биз жалпы бир эле түрүн, кээде эки түрүн айтабыз. Орусчасында - меч, палаш, сабля деп үчөөнү беришет. Саблясы ийри кылыч, палаш - түз, бир мүйүздүү кылыч, меч - түз, эки мүйүздүү кылыч болот. Бул меч, палаш түз бир мүйүздүү кылыч менен эки мүйүздүү кылычтар бул - байыркы түрлөр болуп саналат.

Демек, Багырдын кылычы аркылуу биз, кыргыздардын Улуу Дөөлөт убагында Чыгыш Түркстан аймагын ээлеп, мусулман дүйнөсү менен болгон тыгыз алакасына кабар ала алабыз.
XS
SM
MD
LG