Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:42

ИРАКТАГЫ КҮРТТӨР АВТОНОМИЯ ТҮЗҮҮ УКУГУН КОРГОШУУДА


Чолпон Орозобекова, Прага Ирактагы күрттөр үчүн бүгүнкү күндө бир гана нерсе маанилүү болуп турат: 30-июнда суверенитет алчу Иракта күрттөрдүн автономия алуу мүдөөсү эске алынабы же жокпу? Бирок Бириккен Улуттар уюмунун Ирак жөнүндө резолюциясы күрттөрдүн бул үмүтүн өчүргөндөй болду. Ошентсе да алар Ирактын жаңы бийлиги менен бул жааттагы сүйлөшүүлөр натыйжалуу болор деген оптимисттик маанайда турушат.

Ирактын утурумдук Конституциясында айтылган автономия жөнүндө сөздөрдү күрттөр чындап турмушка ашыруунун жолдорун издешүүдө. Утурумдук Конституциядагы өткөөл мезгилдеги башкаруу тууралуу мыйзам деп аталган документ ирактык күрттөргө узак мөөнөттүү автономия берүү кепилдигин билдирет. Бирок ошол автономияны биротоло орното турган соңку чечимдин кабыл алынышы создугуп келет.

Бул чечимди кечеңдеткен - Бириккен Улуттар Уюмунун Ирак боюнча резолюциясы болду. БУУнун резолюциясында күрт автономиясы жөнүндө сөз козголбой калганы күрттөр арасында нааразычылыкты күчөттү. Өкмөт башчы Ияд Алави Ирак бийлиги Башмыйзамда көрсөтүлгөн күрттөрдун автономия курууга укугун сыйларын бир нече ирет айткан.

Күрттөрдүн патриоттук биримдигинин өкүлү Омар Азиз Кадыр Ияд Алави кур убадалар менен сооротуп келатат деген ойдо:

- Биз жалаң сөз гана угуп келатабыз, бул жөнүндө тигил же бул документте жазылганын көргөн жокпуз. Биз Бириккен Улуттар Уюмуна үмүт арттык эле. Ирак боюнча резолюцияда күрт эли жөнүндө жок дегенде бир-эки сөз жазат го дегенбиз. Тилекке каршы, анда эч бир сөз жок. Куру убадалар гана... Бирок биз деморкатияга умтулган жаңы Иракка каршы бир нерсе жасайлы деген ниетибиз жок.

Кадырдын айтымында, күрттөр алгач сүйлөшүүлөр аркылуу өз мүдөөсүнө жетүүгө аракет кылып көрүшөт. Бирок адистердин жоромолуна караганда экинчи тарап саясий жолдон баш тарта турган болсо, анда күрттөр башка жолду тандаганга аргасыз болушмакчы.

Күрттөрдүн патриоттук биримдиги билдиргенге караганда, күрттөр эгемендик алуу жолунан тайбайт. “Арга кетсе колдо турган 75 миң жалданма жоокерди күрттөрдүн автономиясын орнотуу үчүн куралдуу күрөшкө чыгарууга аргасыз болобуз” дейт Кадыр.

Күрттөрдүн демократиялык партиясынын өкүлү Фараж ал-Хайдари бул жаатта мындай оюн билдирди:

- Башкаруу жөнүндө мыйзам бар. Бул мыйзам турмушка ашырылышы керек. Ошондо гана күрттөр өз мүдөөсүнө жетет. Эгер бул мыйзам жүзөгө ашпай кала турган болсо, анда биз аргасыз кадамдарга барууга мажбурбуз.

Ирактагы күрттөрдүн Америка президенти Жорж Буштан үмүтү чоң болчу. Ушул күндөрү алар ырасмий Вашингтонго нааразы болуп отурушат. Омар Азиз Кадырдин айтымында, Саддам Хусейндин бийлигин кулатууда көрсөткөн колдоосунун ордуна күрттөр Жорж Буштан жардам күтүшкөн:

- Азырынча бизге Америка тараптан эчтеке жок, бирок дагы эле үмүт үзүлө элек. Бизди түшүнөт деген ойдобуз. Биз деген Ирактагы гана эмес, дүйнө жүзүндөгү бейпилдикти самаган улутпуз.

Бирок күрттөрдүн мындай таклибин ирактыктардын баары эле макул көрбөйт. "Күрттөр Киркукту ээлеп калгысы келет, кеп ушунда. Ал эми Киркукта Ирактын мунайзатынын 30 пайызы жайгашкан" деген пикирлер бар. Киркукта күрттөр басымдуулук кылган менен аз сандагы арабдар менен түркмөндөр өздөрү жашаган жерин аларга кармата бергиси келбейт. Андыктан күрттөр автономиясы түзүлгөн күндө да чегараны тактоо маселеси оор болору анык. Бүгүнкү күндө күрттөр үчүн ириде Киркуктун тагдырын чечип алган оң.

Патриоттук биримдик Саддам Хусейндин убагында Ирактан куулган күрттөрдү алгач тарыхый мекенине кайтарып, андан кийин Киркукта референдум өткөрүүнү сунуш кылат. Бирок бул оор маселе. Ирактагы шийиттерге таандык саясий партиялар гана эмес, суннийлер, түркмөндөр да ага каршы чыгары анык. Серепчилердин айтымында, Ирактын коңшулары, анын ичинде Түркия өз аймагындагы күрттөрдү тынчыта албай атканда, мындай долбоорду Ирактын убактылуу бийлиги кабыл алары күмөн.
XS
SM
MD
LG