Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:38

КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТ АСКАР АКАЕВДИН 2005-ЖЫЛДАГЫ ШАЙЛООГО КАТЫШУУ УКУГУН КАРООГО ДАЯР


"Конституциялык сот президент Аскар Акаевдин келерки жылдагы президенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн кароого даяр. Ишти кароо Эл өкүлдөр жыйыны Конституциялык сотко өз өкүлүн жиберер замат башталат", деп билдирди Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова. Сот бул маселени Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотоновдун өткөн жылдагы кайрылуусуна ылайык карамакчы.

Келерки жылдагы шайлоого байланыштуу кызый баштаган саясий аламанга өлкөнүн Конституциялык сотунун төрайымы 25-июнда дагы бир жаңы дем бергендей болду. Бул күнү Чолпон Баекова Конституциялык сот Аскар Акаевдин 2005-жылдагы президенттик шайлоого катышуу укугун кароого даярдыгын жарыялады.

Дегеле, Акаевдин келерки шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө сөз 2003-жылдагы Конституциялык реформадан кийин пайда боло баштаган. Ага бир жактуу жооп алуу максатында Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотонов Жогорку Кеңештин эки палатасынын мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук комитеттерине кайрылган. Маселени караган эки комитет карама-каршылыктуу корутунду чыгарган.

Маселен, Мыйзам чыгаруу жыйынынын комитети Аскар Акаев 2005-жылдагы шайлоого катыша албайт десе, Эл өкүлдөр жыйынынын комитети катыша алат деген бүтүм чыгарган. Бул корутундулардын кайсы бири конституцияга туура келерин аныктап берүүнү өтүнүп, Чотонов өткөн жылдын декабрында Конституциялык сотко кайрылган.

Ал эми Кыргызстандын Конституциясына ылайык бир эле киши экиден ашык мөөнөткө президент болуп шайлана албайт. Бирок Аскар Акаев 1991, 1995, 2000-жылдары жалпы эл тарабынан үч ирет президенттикке шайланган. Анын үчүнчү ирет шайлоого баруусуна Конституциялык сот 1998-жылы жол ачып берген. Ошондуктан соттун бул жолку чечими кандай болору табышмак болуп турат.

Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Өмүрбек Текебаев буга байланыштуу мындай пикирин билдирди:

- Биздин Конституциялык соттун репутациясы жаман жеринен бузулган. Алар президент үчүнчү мөөнөткө барса болот деген тыянагын берген. Ошондуктан Конституциялык сот бул жолу да мына ошондой чечим чыгарбайт деп ишенимдүү айта албаймын.

Конституциялык соттун кандай чечим чыгарары белгисиз экенин мурунку мамлекеттик катчы, “Акыйкат жана прогресс” партиясынын лидерлеринин бири Ишенбай Абдуразаков мындайча билдирди:

- Конституциялык сот өзү нары-бери чайкап туруп, ар кандай чечим чыгарып коюп атат. Эгерде ар бир референдумда Конституциянын өзгөрүшүнө байланыштуу эле президенттин мөөнөтүн башкача санай баштаса, анын түбү болбойт да. Бизде туруктуу бир эреже болуш керек эле.

“Жаңы Кыргызстан” партиясынын лидери Досбол Нур уулу Конституциялык соттун келечектеги корутундусу тууралуу мындай пикирин ортого салды:

-"Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса". Ошондуктан чечим Конституцияны сыйлоо менен эмес, бийликти сыйлоо менен чыгат. Эгерде Акаевдин барам деген ишаарасы болгон болсо, анда Конституциялык сот "Акаев шайлоого катыша алат" деген бүтүм чыгарып берет. Себеби Конституциялык соттун төрайымы менен Акаев тилдеш, пикирлеш.

Ал эми президент Аскар Акаевдин өзү болсо өткөн жылы июнь айындагы "тегерек стол" жыйынында келерки мөөнөткө баруума Конституция жол бербейт деп билдирген эле:

- Бул суроого мен эки ирет бир жактуу түрдө жооп бергенмин. Конституциянын жаңы редакциясы мага дагы бир ирет мандат берүүгө жол бербейт. Ошондуктан буга чекит коёлу. 2005-жылдагы шайлоо Конституциянын жаңы редакциясына ылайык демократиялык негизде өтөт.

Азыркы президенттин 2005-жылдагы шайлоого катышууга укугу жоктугун Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев да бир нече ирет билдирген болчу.

Бирок ага карабай эле коомчулукта күдүктөнүү күчтүү бойдон калууда.

Сүрөттө: 2003-жылдын июнь айындагы "тегерек стол" жыйынында Аскар Акаев бул маселеге өз пикирин билдирген.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG