Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:58

Ч.АЙТМАТОВДУН "ЖАА БАРС" БАЯНЫ САХНАГА КОЮЛДУ


Султан Раев, Бишкек "Учур" телетеатры сахнага жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Жаа Барс" баянынын негизинде жаңы спектаклди жаратып, театр көрүүчүлөрүнүн назарына сунуштады.

Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун "Жаа Барс" баяны кийинки кезде жазылган чыгармаларынын катарына кирет. Жазуучунун бул баяны адам менен жаратылыштын байланышы, алардын ортосундагы карама-каршылык, табият гармониясын чагылдырган терең маанилүү баян. Мына ушул баяндын негизинде жазуучу Абибилла Пазылов инсценировка жасап, чыгарманы театрдын тилине оодарган. Ал тууралуу инсценировка автору Абибилла Пазылов:

- "Жаа барс" Чыңгыз Айтматовдун жаңы чыгармасынын, повестинин же романынын башталышы. Ушул чыгарманы жазып жатканда элге жеткирейин деп Чыңгыз Төрөкулович бир жерге өзүнүн кичинекей үзүндүсүн жарыялаган экен. Ошондон кыргызчага которуп, андан кийин китепке чыгарып, биз кыргыз окурмандарына жеткирүүгө аракет кылдык эле. Ошол эле учурда бул чыгарманын адам менен жаратылыштын катышы, Айтматовдук планетардык аң сезим, планетардык масштабдагы ойлонуусу, Айтматовдук салттын уланганын көрүп, окурмандарга башка формада, башка түрдө жеткирели деп чыгарманын негизинде пьеса жазып, көрүүчүлөрүбүз көрүп баалайт деп турган чагыбыз.

Жаратылыш менен адам баласынын түпкү байланышын, карым-катышын чагылдырган бул чыгарманын театр тилине коюлушу, чыгармага жаңы боёкторду, жаңы чечилиштерди кошкон. Айтматовдук стилге таандык терең философия менен курч психологизм чыгарманын негизги өзөгүн түзгөн. Бул багытта чыгарманы сахнага алып чыккан театр режиссеру Алмаз Сарлыкбеков:

- Чыңгыз Төрөкуловичтин "Жаа барс" аттуу чыгармасын биз азыр "Учур" театрынада сахналаштырып атабыз. Чыгарма өзү бүгүнкү күндөгү глобалдык ойлорду алып чыккан.

Режиссер Алмаз Сарлыкбековдун сахнага алып чыккан бул спектаклинин чечилиш көбүнесе театрдын каймана тили, стили аркылуу чечилип, анда негизги басым театралдык кыймыл-аракеттерге, эксперименталдык чечилиштерге ыкталган деп баалашат адистер.

Бул форма акыркы кезекте кыргыз театр өнөрүндө жаңы изденүү жолдорунан кабар берет. "Учур" телетеатрынын жамааты белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына биринчи жолу кайрылып жатат. Ага карабастан жаш чыгармачыл коллектив жазуучунун духун көтөргөн маселесин сахнага өтө чеберчиликте алып чыкты дешет театр көрүүчүлөрү.
XS
SM
MD
LG