Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:58

Индиянын Кашмир дубанында 12 адам атып өлтүрүлдү


Индиянын түндүгүндөгү Кашмир дубанынын Пунч аттуу айылында бүгүн белгисиз куралчан адамдар 12 адамды атып өлтүрүп, дагы 10 кишини жарадар кылып качып кетти. Эртең Дели шаарында Кашмир маселеси боюнча Индия менен Пакистандын тышкы иштер министрлери ортосунда сүйлөшүү башталууга тийиш. 1947-жылы Индия британиялык оторчулуктан бошогондо, Индия жана Пакистан деген эки мамлекетке бөлүнгөн. Кашмирде болсо жалпы элдик референдум өткөрүлүш керек болчу, бирок Индия аны өткөргөн эмес жана эки өлкө ортосунда аймак үчүн согуш да чыккан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG