Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:30

Ирактагы куралдуу кагылышуулар уланууда


Ирактын Арбил шаарында бүгүн бомба жарылып, бир адам набыт кетти жана дагы кыркка жакын киши жараат алды. Бакуба шаарындагы шийи партиясынын кеңсесине дагы чабуул жасалып, андан дагы бир адам өлдү. Бириккен улуттардын баш катчысы Кофи Аннандын айтымында, ирактыктар менен сүйлөшүү жүргүзүү керек:

- Күч колдонуунун чеги болот. Ошондуктан саясий сүйлөшүү жүргүзүүгө тийиш, саясий ыкмалардын маанисин ылдый түшүрбөш керек. Ирактыктар менен жолугуп, демократия орнотуу боюнча талкуу жүргүзгөн жакшы. Менин пикиримде, ушундай ыкма менен гана абалды өзгөртүү мүмкүн.

Кечээ күнү Фаллужа шаарындагы экстремисттер жашынган үйдү америкалык учактар бомбалагандан 25 адам курман болду. Алар - Йорданиядан келген Абу Мусаб ал-Заркавинин кишилери болчу деп айтылууда, Заркави өзү болсо 24-июнда жүзгө жакын адамдын өлүмүнө алып келген бир нече террор аракетин уюштурган деп күнөөлөнүүдө.

XS
SM
MD
LG