Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

ТҮРКОЛОГ ИГОРЬ БАТМАНОВ


Көчкөн Сактанов, Бишкек "ХХ кылым жана анын таланттуу уулдары" деген кезектеги берүүбүздө кыргыздын тил илимине зор эмгек сиңирген түрколог Игорь Алексеевич Батманов жөнүндө айтылат.

ХХ кылым тарых бетинде өтө жүзү жарык мааниде калаары бар. Анткени бул кылымда не маданият, не тарых, не так илимдер, же саясатта болсун эмне деген гана залкар адамдар жашап өтпөгөн. "Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерер" деген акын Аалы Токомбаевдин учкул сөзү дал ушул залкарларга тиешелүү. Алардын өзү эбак каза болгон менен, бирок эл алардын эмгегин эскерип, бүгүн да унутулбайт, унута албайт, унутууга акысы да жок.

Ушундай залкарлардын бири - белгилүү түрколог, кыргыз тилин изилдөөчүлөрдүн бири Игорь Алексеевич Батманов. Ал жөнүндө түрколог, филология илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кыргыз энциклопедиясынын башкы редакторунун орун басары Четин Жумагулов мындай дейт:

- Бүгүн тил илимин Юдахинсиз, Юнусалиевсиз, Карасаевсиз, Сартбаевсиз, Кудайбергеновсуз, Батмановсуз элестетүү кыйын. Мына ошолордун арасында кыргыз тил илимин изилдөөчү Игорь Алексеевич Батманов болгон. Анын кыргыз тилине эмгеги сиңиргени бул - алгачкы кыргыз тили жөнүндө китептер жок кезде келген экен, ошондо кыргыз тилинин элементардык грамматикасын 1932-жылы жазган. 1933-жылы кыргызча жана орусча чыккан же болбосо кыргыз тилиндеги сөз түркүмдөрү 1936-жылы жарык көргөн. Кыргыз тилиндеги түндүк диологдогу кыргызча-орусча сөздүктү Карасаев менен биргелешип жазган. Кээде Карасаев өзү да айтып калчу экен, байбичесинин эскермесинде, Батманов менен бирге сөздүк түзгөн экен алгачкы жылдары.

- Кыргыз академиясы биринчи жолу 1954-жылы ачылса керек эле. Батманов ошондо кандай эмгеги менен катышкан?

- Ошондо биринчи ачылуудагы сессияда "Кыргыз тилинин абалы жана милдеттери" деген доклад менен сүйлөгөн. Анан ошол эле сессияда баягы Академиянын жаңы мүчөлөрүн шайлаганда ошол биринчи топ менен академикке көрсөтүлгөн. Юдахин, Ахунбаев, Жамгырчиевдер менен бирге. Ошол кезде сүрөттөрү да чыккан. Биз алардын сүрөттөрүн үйгө илип коюп, фамилиялары бүт жатка калыптыр. Кийин биз Бишкекке келип окуп жүргөндө, ошол кишилердин өзүн көрдүк. Анан мен өзүм 1960-жылы университетти бүтөөрүм менен эле биринчи кызматка орношконум ушул Илимдер академиясы болду. Ошондо тил жана адабият институтунда бул киши директор, директордун орун басары болуп иштеген экен. Ошондо түркология деген сектор ачып, жаштардын катарында мени ошол секторго кызматка алды. 1961-жылы эле мен аны менен биринчи энциклопедияга чыктым. Таластагы Орхон-Энесай жазуулардагы байыркы эстеликтер табылып, ушундан улам түркология, эпиграфияга тармагына көңүл бурдурган ушул киши болду. Мага ушундай тема берип, ушул тема боюнча жазып калганым ошондон улам болду.

- Эми биз көптөгөн окумуштуулардын эмгектерин окуп жүрөбүз, бирок алардын адам катары жеке силер менен мамилеси кандай эле?

- Бул өзү сөзгө чечен, эч кимден коркпогон, керек болсо өзүнөн жогору турган кишиге да айта турган оюн тартынбай айта билген эле. Өзү ак көңүл, а түгүл өзүнүн аспираттарына да, керек болсо акчасын аячу эмес. Кыргыз илиминин нака патриоту болчу.

Игорь Алексеевич Батманов 1906-жылы Россияда туулуп, 1969-жылы Фрунзе шаарында каза болгон. Филология илимдеринин доктору, Кыргыз ССР илимдер академиясынын академиги, Украина ССРинде Чыгышты таануу курсунда түрк бөлүмүн аяктаган. Ташкен шаарында чыгышты таануу кафедрасында аспирантурада окуп, филология илимдеринин кандидаты деген наам алган.

Кыргызстан илимдер Академиясынын тил жана адабият институтунун директору, кыз-келиндер пед.институтунун кафедра башчысы, 1959-жылдан Кыргыз илимдер академиясында түркология секторун башкарып, өмүрүнүн аягына чейин ушул секторду жетектеген. Батмановдун кыргыз тили жана байыркы түрк тили боюнча 90 ашуун эмгеги жана макалалары бар. Кыргыз жана чет элдик түркологдордун арасында зор кадыр-баркка күткөн. Бир катар өкмөттүк сыйлыктарга ээ болгон.
XS
SM
MD
LG