Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:36

БОРБОР АЗИЯ МАҢЗАТТАРДЫН ЖЕЛЕСИНДЕ


Чолпон Орозобекова, Прага Борбор Азия мамлекеттери Орусия жана Европа өлкөлөрүнө Ооганстандан апийим менен героин ташуунун негизги транзиттик жолу болуп калды. Бириккен улуттар уюмунун маңзаттар жана кылмыштуулук боюнча кеңсеси соңку байкоолоруна таянуу менен “Ооганстанда өндүрүлгөн маңзаттардын 25 пайызы Борбор Азиядагы өлкөлөр аркылуу өтөт” деген жыйынтык чыгарды. Бириккен улуттар уюму ошону менен катар бул региондо баңгилердин саны күн санап өсүп баратканына тынчсызданат.

Борбор Азия мамлекеттери баңгиликтин сазында калуу коркунучунда турат. Ириде бул өлкөлөрдүн географиялык жактан Ооганстанга жакын жайгашышы да бул социалдык оорунун күчөшүнө зор салымын кошуп келет. Андан кийин анан жакырчылык жана жумушсуздук өңдүү көйгөйлөр шыкак болууда. Борбор Азияда баңгилердин катары өтө жашарып баратканы байкалууда. Айрыкча аялдардын маңзаттарга алдырышы да ого бетер кооптондурат. Тажикистанда баңгилер менен иштешкен бейөкмөт уюмдун башчысы Муртазакул Хидиров мындай дейт:

-Дүйшөмбү шаарында баңгилердин 30 пайызын аялдар түзөт. Алардын айрымдары маңзаттарга акча табыш үчүн сойкулукка барышууда.

Бириккен улуттар уюму 2002-жылы жүргүзгөн иликтөөгө караганда, Казакстанда баңгилердин саны 186 миң. Эксперттердин айтымында, 15 миллион калкы бар өлкө үчүн бул көрсөткүч көптүк кылат.

5 миллион калкы бар Кыргызстанда баңгилердин саны 100 миң, 6 миллиондуу Тажикстанда - 55 миң, ал эми 25 миллион калкы бар Өзбекстанда 90 миңге жакын баңги катталган. Түркмөнстан болсо маалымат алуу үчүн жабык өлкө, анда канча баңги бар экени да белгисиз. Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча эл аралык уюм Түркмөнстанды кызматташуудан качканы үчүн сындап чыккан.

Бириккен улуттар уюмунун маңзаттар жана кылмыштуулук боюнча кеңсесинин аймактык башчысы Жеймс Каллагэн соңку эки жылда акыбал начарлаганын айтты:

- Биз 2000-жылдан бери баа бере албай атабыз. Андан бери жалаң өкмөт берген маалымат менен иштеп келебиз. Алар болсо соңку жылдары акыбал турукташты деген гана үстүрт маалымат берет. Ал эми турмушту карасаң теңирден тескери, Ооганстандан маңзаттар агып кирип атат, кырдаал оорлогондон оорлоп баратат.

Талибан режими өкүм сүргөн беш жыл ичинде Ооганстанда апийим айдаганга тыюу салынган. 2001- жылы АКШнын куралдуу күчтөрү катылып, талиб бийлиги кулагандан кийин Ооган жеринде апийим талаалары кайра гүлдөй баштаган. БУУнун эксперттеринин айтымында, учурда Борбор Азиядагы маңзаттардын 70 пайызын Ооганстандан келген героин түзөт. Ушундан улам маңзаттын дозасы да Борбор Азияда улам арзандап, болжол менен анын бир граммы 1-2 доллар турууда.

Муртазакул Хидировдун айтымында, Тажикстанда баңгиликтин күч алышына өлкөдөгү ич ара согуш да өз кесепетин тийгизди:

- Сиздерге маалым болгондой, Тажикстанда ич ара согуш болду. Бул апааттын учурунда экономикалык структуралардын баары бүлгүнгө учурады. Анын үстүнө Ооганстандан Тажикстанга түздөн түз сатылып келинчү да маңзаттар бар. Анан согуштун кесепетинен социалдык акыбал да бир кыйла начарлап кеткен, ошондуктан дал ушул кырдаалга кириптер болмокпуз.

Эл аралык кризистик топ аттуу иликтөө уюмунун Борбор Азия долбоорунун жетекчиси Девид Льюис Борбор Азияда жашаган айрым адамдар жашоонун кыйынчылыктарынан качыш үчүн маңзатка баш коёт деген ойдо:

- Көптөгөн жаштар азыркы кыйынчылыктардан качуунун жолун издейт. Ал кыйынчылыктар кайсылар? Жумушсуздук, кымбатчылык, жакшы билим алууга шарттын жоктугу. Албетте анан дагы бир себеп ушул - Борбор Азияда маңзаттар арзан.

Эл аралык кризистик топ былтыркы иликтөөсүндө жаштардын, өспурумдөрдүн жашоо ыгы баңгилик болуп калганын тастыктаган. Эл аралык эксперттердин баамында, Борбор Азиядагы баңгиликке каршы күрөш адатта айыппул салуу, келекелөө менен гана чектелген. Девид Льюистин айтымында, баңгилер бейөкмөт уюмдар жана мамлекет көрсөтүп аткан жардамды да алуудан чочулашат. Себеби, анда алар баңги экени элге жарыяланып, укук коргоо органдарынын колуна тапшырылабыз деп коркушат.

“Хюман Райтс Уоч” уюму казак бийлигин баңгилердин укугун бузгандыгы үчүн сындап чыккан. Казакстандык 27 жаштагы баңги жигит өзүнүн жашоосуна оптимисттик маанай менен карайт. Анын оюнча, баңгилердин 10 пайызында гана бул оору менен күрөшкөнгө эрки жана каалоосу жетиштүү. Ал өзүн ошол 10 пайыздын ичине кирет:

- Мен үйлөнгүм келет, ата болгум келет. Жашоо деген оор экен. Эгер маңзатка алдырган адам жашоо үчүн күрөшпөсө бир күнү “тырп этип” өлүп калат же түрмөдө чирийт. А мен антип өлгүм келбейт. Азыр баңгилердин 10 пайызы гана муну таштаганга кудурети жеткендер. Ошол жашоосу үчүн күрөшкөн 10 пайыздын арасында мен да бармын.

XS
SM
MD
LG