Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:32

КЫРГЫЗСТАН ЭКОНОМИКАЛЫК ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮГӨ КАНТИП ЖЕТИШЕТ?


Быйыл күздө кыргыз өкмөтү Эларалык валюта кору менен алгоолошуп иштеп чыккан жакырчылыкты азайтуу, туруктуу экономикалык өнүгүштү камсыз кылуу программасынын аткарылышы тууралуу отчет берет. Экономикалык өнүгүштүн ырааты соңкы жылдары 4% көрсөткүчкө жетүүдө. Эмдиги жылкы өсүш көрсөткүчүн да азыркы деңгээлинен түшүрбөй кармап туруу белгиленген. Анткен менен алдагыдай өсүш Кыргызстандын толгон-токой экономикалык проблемаларын чечүүгө шарт түзүп бере албайт.

Андай проблемалардын эң орчуну, албетте, тышкы карыздарды кайтарып, убактысы келгенин төлөп берүү милдеттенмеси. Ушу тапта кыргыз өкмөтү Париж клубуна кирген өлкөлөргө кайтарып берчү 450 миллион доллар карыз акчаны кайтарышты кантип артка жылдырыштын, ыңгайы келсе кечтирип жиберүү проблемасына башын катырып отурган чагы.

- Биз жакырчылыкты азайтуу улуттук стратегиясын ишке ашыруу, ага ылайык алгачкы этаптагы комплекстүү өнүгүү боюнча отчетту шашпай, кылдат талкуулап чыгышыбыз керек. Айтып коёюн, биз эларалык донорлор үчүн даярдалган отчетту талкуулайбыз,- дейт президент Аскар Акаев.

Мамлекет башчы атайын жыйын чакырып, талкууга коюп аткан отчеттун негизинде Эларалык валюта кору Кыргызстандын кийинки үч жылдык ишине баа бермекчи. Иш жыйынтыгына карап тышкы карыздарды төлөө мөөнөтүн артка жылдыруу, айрымдарын кечип жиберүү маселесин чечмекчи.

Туруктуу экономикалык өнүгүү тышкы инвестициясыз тек ишке ашпас кыял экенин өкмөт дамамат айтып келет. Атүгүл сырттан инвестиция тартуу жагынан Кыргызстан кыйла өлкөлөрдөн алдыда экени мактаныч менен белгиленет. Чет өлкө инвестициясы мурунку советтик республикалардын ичинен Азербайжан менен Казакстанга абыдан көп тартылган. Кыргызстандын көрсөткүчү Молдова, Тажикстан, Грузия республикалары менен бирдей. Болгон айырма, Кыргызстанга тартылган инвестициянын 6% ашууну өкмөт кепилдиги менен алынгандыгы.

Ички дүң продуктунун реалдуу өсүшү 1997-жылы 10% бираз жетпей калса, кийинки үч жылдан бери ал 4% тегерегинде келатат. Экономикалык реформалардын алгачкы жылдарындагы көрсөткүчтөрдүн кыйла төмөндөп кетишинин себеп-жөнүн «Инвестициялык тегерек үстөл» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Равкат Хасанов момундайча чечмелейт:

- Жакында мен Европа банкынын маалыматтары менен тааныштым. Анда 1996-жылга чейин Кыргызстанда экономикалык өсүш ыкчам жүргөнү белгилениптир. Анан өсүш жайлап калган. Бирок баарын калыс карап көрөлү. Мен өзүм да а кездеги өзгөрүштөргө катышып калдым. 1996-жылга чейин эмне кылдык? Баалардын коё берилиши. Сооданы либералдаштыруу. Аны жасаш үчүн чоң түйшүктүн кереги деле жок болчу. Улуттук акчанын киргизилиши кичине кыйынчылыкка кабылды. 1996-жылдан кийин кыйла убакытты алчу түйшүктүү иш башталды. Жердин жеке менчикке берилиши үчүн өкмөт катуу иштеди. Саясий каршылыктар болду, экономисттердин арасында деле бул маселе боюнча бир пикир жок.

Равкат Хасановдун ырасташынча, азыркы жүрүп аткан реформалар кыйла татаал. Ошондон ушу тапта экономикалык өнүгүш кыйла жайлап калды деш туура эмес.

Кыргызстандын каржы министрлигинин экономикалык прогноздоо бөлүмүнүн жетекчиси Любовь Тен базар экономикасынын ыкчам өнүгүшүнө маркетинг кызматынын жакшы өнүкпөгөндүгү себеп болууда деген пикирде:

- Жеке компаниялар, ишканалар базарды иликтөө кызматынын жолго коюлушуна кызыкдар. Эгер ал азыркыдай жаңыдан телчигип келаткан абалда болбосо ишканалар чыгарган товарлар кампаларда жайнап тирелип турмак эмес. Базар мамилеси шартында кампаларда чыгарылган буюм турбашы керек. Мындай чакта ишкананын айланта турган каражаты кыймылсыз туруп калат.

Адистердин айтымында, Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн дурус көрсөткүчү алтын өндүрүшүнө байланыштуу. Оголе көп жумушту талап кылган алтын казып алуу азайгандан кийин Кыргызстандын экономикалык өнүгүшү азыркы деңгээлинен кыйла төмөндөшү ыктымал.
XS
SM
MD
LG