Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:12

А.Акаев НАТОнун саммитине катышмакчы


БИШКЕК. 28-29-июнда Стамбул шаарында боло турган НАТОнун саммитине катышуу үчүн президент Аскар Акаев жетектеген Кыргызстандын делегациясы дүйшөмбү күнү Түркияга жөнөп кетет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев билдирди. Анын айтымында, делегация курамында тышкы иштер министри Аскар Айтматов, коргоо министри Эсен Топоев бар. Тышкы иштер министрлигинин маалымдоосуна караганда, саммитте коопсуздук, террорго каршы күрөш, айлана-чөйрөнү коргоо сыктуу маселелер менен катар Ооганстан, Ирактагы жана жакынкы чыгыштагы кырдаалды жөнгөрүү жөнүндө да сөз болмокчу.

Кыргызстан НАТО менен «Тынчтык үчүн кызматташуу» программасынын алкагында 1994-жылдан бери кызматташууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG