Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:27

МОСКВАНЫ БАГЫНТКАН КЫРГЫЗСТАНДЫК КИКБОКСЧУЛАР


26-июнда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда кикбоксинг боюнча Москванын спорт клубдарынын тандалма командасы менен Кыргызстандын «Гермес-Профи» клубунун мүчөлөрүнүн достук беттешүүсү болду.

Акыркы жылдары Кыргызстандын кик-боксинг чеберлери дүйнөгө таанылып, тандалма командасы күчтүүлөрдүн катарында жүрөт. Өлкөдө дүйнө чемпиондугун жеңип, жаштарга үлгү болуп жүргөн ондон ашуун жигиттер бар. Москва-Бишкек жолдоштук беттешүүсүн Жогорку кеңештин эл өкүлдөр жыйынын төрагасы Алтай Бөрүбаев ачып, спортчуларга ийгилик каалады. Меймандардын атынан Москва шаарынын мэринин эл аралык байланыштар башкармасынын жетекчиси Борис Силаев сүйлөп, «Гермес-Профи» клубун 10 жылдыгы менен куттуктап, Кыргызстан кикбоксинг боюнча дүйнөлүк борборго айланганын белгиледи.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, «Гермес-профи» клубунун жетекчиси Александр Войнов да учурунда Бишкектин мэри болуп турганда Борис Силаев бул спорттун өнүгүшүнө салым кошконун белгиледи.

Биринчи беттешүүдө 54 кг. салмакта дүйнө чемпиону Мирбек Сүйүнбаев Орусия чемпионатынын күмүш байге ээси Махмуд Бетмирзаевди экинчи раундда эле үч ирет удаасы менен эсин оодара согуп, жеңип алды. Бул таймашуу тууралуу Мирбек Сүйүнбаев мындай дейт:

- Атаандашым менен мурда эле дүйнө, Европа чемпионаттарында беттешип жүрчүбүз. Бул жолу анын даярдыгы начар экен. Мен болсо табыма келип тургам, анын каталарын дароо байкап, үч-төрт ирет таамай согуп алдым. Ошондуктан өзүмө ишенип, жеңишке эрте жетиштим.

Экинчи таймашууга кыздар чыгышты. Москванын намысын кикбоксингден дүйнө чемпиону Оксана Васильева коргоп, 3 раунддук күч сынашууда кыргызстандын чемпиону Юлия Борисованын упай менен утуп алды. Оксана кыргызстандык жигиттерди дүйнө тааныганы менен, бул спортко жергиликтүү кыз-келиндер маани бербей жүргөндүгүн мындайча айтып берди:

- Жигиттериңер мыкты. Алардын өнөрүн бир нече ирет көрүп, ыраазы болгом. Бирок Кыргызстанда кикбоксинг менен машыккан кыздар аз экен. Ошондуктан чеберчиликтин деңгээли өспөй турат. Мен өзүм бул спорт менен 6 жылдан бери машыгып жүрөм.

Үчүнчү таймашуу да курч мүнөздө өтүп, «Гермес- профи» клубунун мүчөсү, дүйнө кубогунун жеңүүчүсү Тахир Дүйшекеев москвалык атаандашы Жон Атумовду 2:1 эсебинде жеңип алды. Мелдештен кийин Тахир мындай деди:

- Мен бүгүнкү жеңишимди уулум Кубанычбекке арнадым. Ал бүгүн менин күч сынашуумду биринчи ирет көрүп жатат. Атасы менен сыймыктанып жүрсүн дедим.

Төртүнчү таймашуу дагы кыздар арасында болуп, Орусиянын чемпиону Светлана Кулакованы тайбокс боюнча дүйнө чемпиону, кикбокстан Азиянын жеңүүчүсү Валентина Шевченко утуп алды.

Ал эми 70 кг. салмакта кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиондору москвалык Жабраил Идразов менен бишкектик Иса Мамбетовдун таймашында 3-раунда Исанын соккусуна Жабраил туруштук бере албады.

72 кг. салмакта кыргызстандык, Азия чемпиону Ален Офойо Орусиянын чемпиону Руслан Гасановго алдырып койду.

Ошондой эле 76 кг. салмакта дүйнө чемпиону, москвалык Дмитрий Красичковго өлкөнүн чемпиону Адилет Сулайманов 4 раунд туруштук бергени менен тажрыйбасы аздыгы билинип, аз упай менен Адилет жеңилип калды.

Москва- Бишкек жолдоштук беттешүусүнүн эсеби 3:4 болуп, кыргызстандыктар бир упай менен алдыда болгону менен күйөрмандар толкуп турду.

Рингдеги акыркы күч сынашуу 86 кг. салмакта дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Ануар Ибраев менен Орусия чемпионатынын коло байге ээси Александр Пойдуновдун ортосунда болуп, мелдештин 2-раунда оюндун Александр эрежесин бузуп, Ануарды чекеге сүзүп, жаракат алдырганы үчүн калыстар жеңишти Ануар Ибраевге ыйгарып коюшту.

Мелдеш тууралуу эл аралык калыс Эген Рыскуловдун пикири төмөнкүдөй:

- Бул эми дүйнө, Европа чемпиондугу үчүн таймашуу эмес. Жөн гана ушул спорту элге кеңири жайылтып, эки шаардын жолдоштук беттешүүсү күйөрмандарга гана арналды. Муну менен эки элдин достук байланыштары гана чыңдалып, спортчулардын чеберчилигинин өсүшүнө өбөлгө гана болду.

Натыйжада, Москванын спорт клубдары менен өлкөнүн «Гремес-Профи» клубунун ортосундагы достук беттешүү 5:3 эсебинде кыргызстандыктардын жеңиши менен аяктады.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG