Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:22

ИРАК: ХИЛЛА ШААРЫНДАГЫ ЖАРДЫРУУЛАР 40 КИШИНИН ӨМҮРҮН ЖАЛМАДЫ


30-июнда Ирактагы бийлик АКШ башындагы көп улуттуу күчтөрдөн ирактыктардын өздөрүнө өтөт. Анын алдында ирактык козголоңчулардын чабуулдары күчөдү. Ишемби күнү Хилла шаарында эки автомобилге коюлган бомба жарылып, андан кеминде 40 киши өлдү. 50гө жакын адам жарадар болду. Ирактын утурумдук өкмөтүнүн башчысы Аллавинин билдиришинче, татаал кырдаал январь-март айларына белгиленген жалпы элдик шайлоонун өз мөөнөтүндө өткөрүлүшүнө жолтоо болушу мүмкүн.

Ияд Аллави башындагы өкмөт 30-июнда бийликти Кошмо Штаттары жетектеген көп улуттуу күчтөрдөн өткөрүп алаар алдында Иракта кандуу зобундар күч алды. Ишемби күнү кечке жуук Багдаддан 100 чакырым түштүктөгү Хилла шаардык мечитинин жанында эки автомобилге коюлган бомбалар удаа жарылып, бери дегенде 40 кишинин өмүрүн жалмады. Жарадар болгондор да ондоп саналат. Шилла шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы Саади ал-Фалужинин маалымдашынча:

- 40 чамалуу адам жарадар болду. Алардын ичинде балдар, аялдар, жаштар жана карыялар бар. Мен алардын арасынан бир да полицайды жана аскер кийимчен адамды көргөнүм жок. Өлгөн адамдардын саны 40 жетти.

Америкалык аскерлердин соңку билдирүүсүнө караганда, Шилладагы террордук чабуулдан 60ка жакын адам жарадар болду.

Коалициялык күчтөр жардыруулар үчүн жоопкерчиликти теги иорданиялык Абу Мусаб ал- Заркавиге жүктөдү. Вашингтон башы 10 миллион долларга бааланган ал-Заркавини бериси 30 чабуулду, анын ичинде март айындагы шиилердин диний майрамы учурундагы 170 ашуун адамдын өмүрүн кыйган бомба жардырууларын, америкалык жана түштүк кореялык жарандарды өлтүрүүнү уюштурган, ошондой эле «ал-Каиданын» Ирактагы башчысы деп күнөөлөп жүрөт.

Америкалыктар өтүп бараткан жумада Ал-Заркавини жана анын тарапкерлери баш пааналаган суннилердин Фаллужа шаарын үч күн бою дембе-дем бомбалашты.

250 миң калктуу Фаллужаны жума күнкү бомбалоо учурунда, АКШлык күчтөрдүн маалымдашынча, 15 киши набыт болду.

Ирактын утурумдук өкмөтүнүн төрагасы Аллави эрегишчилерди басуу үчүн эки аптанын ортолугунда «тийиштүү чаралар көрүлөөрүн», бирок чет элдик күчтөр чыгып кеткенден кийин кырдаал дагы курчушу мүмкүн экенин АКШнын Си-би-ес телеканалына билдирди.

Ирак күнкорсуздугун калыбына келтирээрден төрт күн алдында Кошмо Штаттары менен Евробиримдиктин лидерлери Ирактын жаңы жетекчилигин колдогон билдирүү жасашты. Бул билдирүү, АКШ президенти Жорж Буштун сөзүнчө, тараптар ортосунда Ирак согушуна байланыштуу чыккан келишпестиктерди артта калтырышканын күбөлөйт :

-Менин оюмча, согушка байланыштуу түшүнбөстүктөр артта калды.

Өкмөт башчы Аллави ишемби күнү америкалык телеканалга интервью берээрден бир нече саат илгери Бакуба шаарындагы анын штаб-квартирасы, андан мурдараак шиилердин ири партиясынын кеңсесине чабуул жасалды.

Эрегишчилер Ирак өкмөтүнө инженердик-техникалык жактан жардам көрсөткөн мамлекеттерге кысым көрсөтүү үчүн өлкөдө иштеген чет элдиктерди барымтага уурдоону кеңири пайдаланууда. Маселен, «ал-Каида» менен байланышта деп шектелген исламчыл уюм ырасмий Анкара Иракта иштеген түркиялыктары чыгарып кетпесе, барымтадагы үч түрк азаматы өлтүрүлөөрүн арабдардын «ал-Жазиира» телеканалы аркылуу ишембинин түнүндө жарыя кылды.

Жекшемби күнү Багдаддагы америкалык аскерлердин командачылыгы жайгашкан аймактагы коопсуздук тилкеси эки ирет ракетадан аткыланды.
Чабуулдун зыяны жөнүндө азырынча маалымат жок.

Пентагондун өкүлдөрү 30-июнда АКШ башындагы күчтөр бийликти ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп бергенден кийин да коалициянын аскерлерине кол салуулар токтотулбайт деп кооптонушат.

АКШнын коргоо министринин орун басары Пол Волфовиц келерки алты ай Ирактагы америкалык аскерлер үчүн «өтө катаал, өзгөчө коркунучтуу» болот деп боолгойт.

Ирактын убактылуу өкмөтүнүн башчысы Аллавинин айтымында, козголоңчулардын мизи кайтарылбаса, келерки жылдын башына мерчемделген жалпы элдик шайлоо болбой калышы мүмкүн.
XS
SM
MD
LG