Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:26

Кашмир провинциясы боюнча сүйлөшүүлөр өтүп жатат


Нью-Делиде Индия менен Пакистан ортосунда талаштуу Кашмир провинциясы боюнча сүйлөшүүлөр өтүп жатат. Индиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы билдиргендей, министр Шашанк жана анын пакистандык коллегасы Риаз Хохар тынчтык процессинин алга жылуусуна кызыкдар экенин далилдешти. Эки күндүк сүйлөшүүлөр аяктамайынча башка эч кандай маалымат берилбейт деди Делинин өкүлү.

Калкынын көпчүлүгүн мусулмандар түзгөн чөлкөм 1947-жылдан бери тараптар ортосундагы талаш-тартыштарды туудуруп келатат.

2001-жылы Дели менен Исламабаддын саммити үзгүлтүккө учурап калгандан кийин, сүйлөшүүлөр токтоп калган эле.

Ишембиде кашмирдик сепаратисттер индиялык 12 кишини өлтүрүп кетишти. Ошол эле күнү Пакистандын өкмөт башчысы Зафарулла Хан Жамали кызматынан чегинди. Буга байланыштуу расмий Исламабад өлкөнүн экономикасы менен тышкы саясатында эч кандай өзгөрүү болбойт деп билдирди.

XS
SM
MD
LG