Линктер

шаршемби, 18-январь, 2017 Бишкек убактысы 10:21

Стамбулда НАТОнун саммити ачылууда


Ирак, Ооганстан жана Босния - саммиттин күн тартибиндеги башкы маселелерден. Тактап айтканда, НАТОго мүчө 26 өлкөнүн лидерлери Стамбулдагы кеңешмеде Ирактын утурумдук өкмөтүнүн өлкөнүн коопсуздук күчтөрүн окутуп-машыктырууга жардам берүү жөнүндөгү өтүнүчүн канааттандырары күтүлүүдө. Алар ошондой эле НАТОнун Ооганстандагы бейпилдик операциясы кеңейтилишин колдомокчу. Ал эми НАТОнун Боснияда тынчтыкты сактоо миссиясы быйыл жыл соңунда аяктаары жарыяланат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG