Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:28

ЭЛАРАЛЫК БАСМА СӨЗДӨ ЭМНЕ КЕП?


Төрөкул Дооров, Москва «Буш НАТОну Иракка чакырат», «Ирактагы согушка кеткен каражат ар бир америкалык үй-бүлөгө 3,5 миң долларга турду», «Путиндин Орусиясы жана ЮКОС иши». Апта ичинде дүйнөлүк басма сөз беттеринде орун алган ушул жана башка темалар менен тааныштырууну баштайбыз.

28-июнда Стамбулда НАТОнун саммити өз ишин баштайт. Эки күнгө созулуучу бул жыйында талкууга коюла турган негизги маселелердин ичинде Ирак проблемасы да бар. Өткөн жуманын бейшембисинде Британиялык «The Economist» басылмасы НАТОго арналган макаласын басты. Анда айтылган негизги ой – НАТО акыркы жылдары өзүнүн негизги милдетин жана максатын так аныктай албай, постсоветтик дүйнөдө өз ордун таппай жүрөт. «НАТО акыркы мезгилдерде өзүнө жаңы милдеттерди жүктөп алды, - деп жазат гезит. – Ооганстанда тынчтык орнотуу жана Орусия менен кызматташтыкты арттыруу, такыр түгөнбөгөн дипломатиялык маектер НАТОну ал аркалап келген негизги вазыйпадан адаштырып жиберди. Андыктан альянстын курамындагы мамлекеттер арасында «негизи, бул уюмдун эми эмне кереги бар?» деген суроо жаралып жатат», деп айтылат макалада.

Анткен менен Британиялык дагы бир басылма “Financial Times” келтирген айрым аналитиктердин ойлоруна, бул жолку саммит НАТОнун аброюнун жогору көрсөткүчүн даңазаламакчы. Макалада айтылгандай «АКШ президенти Жорж Буш саммитте НАТОну Иракта ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө чакырмакчы». Анын үстүнө, гезиттин жазышынча, Ирактын өткөөл өкмөтү чынында эле жардамга муктаж жана Багдатка техникалык жардам көрсөтүү боюнча НАТОго кайрылган. Ошол эле учурда, “Financial Times”тын ишениминде, НАТО алгач Ооганстанга берген убадасын аткарышы керек. Өткөн жылдан тарта Түндүк атлантикалык альянс Кабулдагы эларалык күчтөрдү ырасмий түрдө башкара баштады жана ушул жылдын күзүнө белгиленген шайлоого чейин Ооганстандын элет жерине атайын реконструкциялоо жана коопсуздукту орнотуу күчтөрүн жөнөтүүгө сөз берген. Бирок гезит жазгандай, «андан бери Ооган жеринде дээрлик эч кандай деле олуттуу өзгөрүүлөр орун алган жок. Эми НАТО шайлоого чейин убадасын аткара албай калышы да мүмкүн».

Британиялык “The Guardian” гезити Америка Кошмо Штаттары Ирактагы согушка сарптаган каражаты тууралуу изилдөөлөргө кайрылат. Бир катар аналитикалык уюмдар жүргүзүшкөн изилдөөлөргө ылайык АКШнын Ирактагы согушта жумшаган каражаты 126 млрд. долларды түзөт. «Эгерде бул сумманы ар бир америкалык үй-бүлөгө бирдей бөлүпгөндө ар бири 3,5 миң долларды сарптады дегенди түшүндүрөт», дейт басылма. Аталган изилдөөлөрдө көрсөтүлгөндөй, ушул жылдын 16-июнуна чейин согушта Ирактагы калктын ичинен 11 миң 317 адам, ал эми козголоңчулар менен америкалык аскерлердин арасында 6 миң 370 адам көз жумган. «Андан сырткары Ирактагы согуш 30 журналисттин өмүрүн кыйды», деп жазат “The Guardian”.

Ал эми австриялык “Der Standart” гезити өткөн жуманын дүйшөмбүсүндө Ингушетияга болгон куралдуу чабуул тууралуу жазды. Гезиттин ишениминде «бул окуя орусиялык күч структуралары эки негизги проблемадан арыла албай жатышкандыгына күбө. Биринчисине ылайык Орусиядагы атайын кызматтар азырга чейин профессионализм деген түшүнүктөн алыс. Ал эми экинчи чындыктын негизинде орусиялык күч структураларында террористтер менен кызматташып жүрүшкөндөр бар экен деп айтканга болот» деп жазат “Der Standart”.

Ушул эле маселе тууралуу кебин андан ары улаган франциялык “Liberation” «Эларалык мунапыс» уюмуна шилтеме жасап, акыркы 2 жыл ичинде Чеченстан менен коңшулаш жайгашкан Ингушетияда адам укуктарын орой бузуу жана адамдардын белгисиз жоголушу өңдүү көрүнүштөр өтө эле көбөйүп кеткендигин маалымдайт.

Орус жеринде мунай өндүрүү боюнча экинчи ири компания – ЮКОСтун – айланасындагы окуяга Германияда чыгуучу “Handelsblatt” гезити кайрылат. Макала автору Матиас Брюггмандын оюнда, акыркы күндөрдөгү окуялар ЮКОС эми мурдагыдай чоң көлөмдө болбосо да, баары бир компания катарында сакталып кала тургандыгын айгиниледи. «Акыркы мезгилдерде ишкана менен аны улам айыптап жаткан салык министрлиги ортосунда тил табышуу байкала баштады», деп эсептейт журналист.

Анын оюнда, бул да жөн эле боло койгон жок. Президент Путиндин кийлигишүүсү менен гана ишке ашып жатат. «Кремлдин жетекчиси бул ири мамлекетте ким башчы экендигин дагы бир жолу түшүндүрдү. Бул көрүнүш советтик бийликти сындап жазган Оруэллдин «Жырткычтар фермасына» окшоп кетет», - деп жазат германиялык “Handelsblatt”.
XS
SM
MD
LG